Бул тууралуу Туркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпиль Алпман билдирди. Анын айтымында, Туркиянын ишкер чөйрөсү Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатат. Элчиликтин маалыматына ылайык, учурда өлкөнүн аймагында кыргыз-түрк биргелешкен 190 ишкана бар. Алардын ачылышы он миң адамды жумуш орду менен камсыз кылууга өбөлгө түзгөн. (ZMa)
9:30 Түрк ишкерлери Кыргызстанга 300 миллион доллар өлчөмүндө накталай инвестиция алып келген