Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:11

12:11 Бириккен Фронт Кыргызстандын Орусия менен биригүү демилгесин колдойт


Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Бириккен Фронттун лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, бул кадамга баруу менен өлкө ичиндеги биримдикти сактап, “түндүк-түштүк” араздашуусуна чек коюуга болот. “Ушул жылдын 19-апрелинде Бишкекте өтүп жаткан тынч митингин таратуу менен президент Бакиев өзүнүн жердештерине гана таянаарын далидеди. Орусия менен биригүү демилгесине каршы чыгып жаткандар, Москва тараптан жүргүзүлө турган көзөмөлдөн чоочулап, бийликти колдон чыгарууну каалабагандар. Орусия менен биригүү Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунуч туудурбайт. Себеби бирдиктүү акча валютасы, бажы жана чек ара маселелери алдын-ала талкууланат. Менимче Орусия бул сунушка каршы болбойт”, деди Феликс Кулов. (ZMa)

XS
SM
MD
LG