Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

14:20 Ысыккөлдүн эс алуучу жайлары быйыл бир учурда 26 миң кишини кабыл алууга даяр


Ысыккөл облусунун губернаторунун 1-орун басары Калыбек Алышбаевдин “Азаттыктын” кабарчысына берген маалыматы боюнча быйылкы жылы жеке ишкерлер тарабынан көл жээгине жаңыдан курулган пансионаттар кошумча 1000 орунду камсыз кылды. Калыбек Алышбаевдин айтуусунда көл жээгиндеги 11 эс алуучу жайына тазалык-санитардык абалын тиешелүү деңгээлге келтирмейинче быйылкы жылы эс алуучуларды кабыл алууга уруксат берилген эмес. Ушундай эле талап эс алуучуларды кабыл алуучу жеке менчик үй ээлерине да коюлду. “Эң биринчи максат—Ысыккөлдүн тазалыгын жана ыйыктыгын сактап калуу”, -дейт губернатордун 1-орун басары.

XS
SM
MD
LG