Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

БҮГҮН ПАРЛАМЕНТ КАМБАРАТА ГЭСтеринин ТАГДЫРЫН ЧЕЧЕТ


Бүгүн 4-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары «Токтогул каскадынын өзгөчө макамы жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү демилгесин карайт. Ага ылайык Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтери Токтогул каскадынан бөлүп чыгарылат дагы, аларды кура турган чет өлкөлүк компаниялар бул ГЭСтерге болочокто теңата кожоюн болуп калышмакчы. Бул долбоордун жактоочулары дагы, каршылаштары дагы өз аргументтерин азыр ортого салып, талкуу күч алып турган чак.

Мыйзамдын тарыхы

Мындан 4-5 жыл мурда Кыргызстандын тышкы карызынын ордуна Токтогул ГЭСин сатышып, кутулат экен деген маалыматтар болгон. Атургай Токтогул ГЭсинин баасы 5 млрд. долларга бычылып, аны сатып алууга коңшу мамлекеттердин бири катуу кызыкдар болгон. Мына ошондон кийин 2003-жылы ал кездеги депутаттар Тайырбек Сарпашев (Сарпашев азыр дагы депутат - К.О.) менен Осмон Бакиев «Токтогул каскадынын өзгөчө макамы жөнүндө» мыйзам жазышып, ага ал кездеги президент А.Акаев кол коюп берген.

Мына ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси бүгүн Жогорку Кеңеште каралат. Ага ылайык Нарын дарыясына курула баштаган Камбарата-2 ГЭСи жана курулушу ыктымал болуп жаткан Камбарата -1 ГЭСи өзгөчө макамдан ажырайт дагы, ал эми Алмаз Атамбаевдин өкмөтү бул ГЭСтерди курууга чет өлкөлүк инвесторлорду чакырууга укук алат.

Ким эмнеден чочулайт?

Маалыматтар боюнча Камбарата ГЭСтерин курууга акча салмакчы болуп жаткан орусиялык жана казакстандык фирма - мекемелер келечекте Кыргызстандын аймагындагы бул ири ГЭСтердин теңата кожоюну да болуп калмакчы. Айрым депутаттарды, эксперттерди жана катардагы кыргызстандыктарды мына ушул жагдай катуу чочулатып жатат. Анткени болочок 20-25 жылдын аралыганда дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда суу эң баалуу товарга айланат, ал эми Кыргызстандын ошол суу байлыгына жакынкы коңшу Казакстан менен Орусия кожоюн болуп калбайбы деген чочулоо бар.

Кыргызстандагы буга чейин чет өлкөлүк фирмалардын күчү менен жүзөгө ашкан Кумтөр баштаган бир катар долбоорлор Кыргызстандын өзүнө оңчулуктуу киреше бербегени маселени огобетер татаалдаштырууда. Депутат Болот Шерниязовдун эсеби боюнча, долбоор ишке киргенден бери Кумтөрдөн 180ден ашуун тонна алтын казылып алынды жана аны сатуудан 1 млрд. 800 миллиондой доллар пайда табылган, бирок андан Кыргызстан баш-аягы болуп 60 миллиондой гана доллар пайда көргөн.

Муну жакшы түшүнүп калган кыргыз эли азыркы тапта А.Атамбаевдин өкмөтү Жерүй болобу же Камбарата ГЭСтери болобу - Кыргызстандын кызылдай байлыгын дагы да болсо алдатып жибербейби деп чочулап турат дешет эксперттер. Депутат Темир Сариевдин айтымында, А.Атамбаевдин өзү уурдайт деп айтууга эч негиз жок, бирок энергетика тармагында акыркы 10 жылда тамырын терең жайган коррупция Кыргызстандын келечегин дагы сатып жибербейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Отун-энергетика министри Игорь Чудиновдун маалыматы боюнча, Камбарата ГЭСтерин курууга 2 - 2,5 млрд. доллар акча керек. Эгер ГЭС ишке берилсе андан Кыргызстан жылына дагы кошумча 6 млрд. кВт/саат электр кубатын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алмак. Азыр Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы иштелип чыгат.

Кыргызстан Камбарата ГЭСтерин өз күчү менен куралмак беле?

Айрым эксперттер бул ГЭСтерди Кыргызстан өз күчү менен деле куралмак деген пикирди айтышат.

Маселен, мурдагы «Кыргызэнерго» компаниясынын мурдагы президенти, азыр болсо энергетиктер ассоцациясын жетектеп аткан Жамалбек Түлөбердиевдин маалыматы боюнча, Камбарата -2 ГЭСинин курулушу 40-45 процентке бүтүп калган. Эгер энергетика тармагындагы коррупцияны тыйып, электр кубатын сатуудан түшкөн акчаны туура пайдаланса Камбарата-2 ГЭСин Кыргызстан өз күчү менен деле бүтүрө алмак.

Жамалбек Түлөбердиев айткан бул жолдон тышкары дагы бир вариант – баалуу кагаз чыгаруу жана андан түшкөн каражатка ГЭСтин курулушун бүтүрүү. Ал эми баалуу кагаздардын ээлери ошол болочоктогу ГЭСтин кожоюндары болуп калышмак.

Бирок кыргыз бийлиги казынада акча жок болгондуктан четтен инвестор издеп жатат.

Суу - товар катары тааныла элек

ГЭСтерди куруудагы дагы бир татаал маселе – Кыргызстанда жана Борбор Азия чөлкөмүндө суунун товар катары таанылбай келатканында. Улуттук илимдер академиясынын суу проблемалары жана гидроэнергетика интитутунун директору, академик Дүйшөн Маматкановдун пикири боюнча, суунун товар катары өз баасын алышы Кыргызстан үчүн тарыхый чындыкты калыбына келтиргендей эле принципиалдуу маселе. Академик газ, көмүр баштаган энергоресурстар сыяктуу эле суунун дагы өз баасы бар экендигине терең ишенет, ал ишеним болсо илимий изилдөөлөрдүн жана көп эмгектин аркасында пайда болгон.

1-июнда кыргыз парламентинин отун-энергетика комитетинде аталган мыйзам долбоору талкууга алынган чакта дагы суунун алигүнчө товар катары таанылбай келатканы баса белгиленди.

Парламенттеги айрым депутаттар жана коомчулуктун бир бөлүгү эгер Камбарата ГЭСтерин орусиялык жана казакстандык фирмалар куруп, алар ал ГЭСтердин теңата кожоюну болуп калышса келечекте Кыргызстандын Нарын дайрасындагы суусун дагы ошолор башкарып калбайбы деп коркуп жатышат.

Ошондон улам ГЭС менен кудай-таала Кыргызстанга берген сууну эки бөлүп ажыратып алыш керек, ГЭСти курган четөлкөлүк фирмалар Кыргызстандын суусуна кол салып, ага көз артпашы керек дешти айрым депутаттар.

Мурдагы төрага, «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев премьер-министр Алмаз Атамбаевге кайрылып, парламент суунун товар экендигин тааныгын мыйзамды буга чейин кабыл алганын, бирок ага президент Курманбек Бакиев алигүнчө белгисиз себептер менен кол койбой келатканын айтты.

Өмүрбек Текебаев баарыдан мурда суунун өзү соолубас энергиянын, кубаттын булагы экенин таанышыбыз керек. Эгер ылуулук энергостанциясын курсак ага толгон-токой мазут, көмүр керектелмек, эгер Атом электр станциясын курса ага уран баштаган атом керектелет, ал эми бизде ошол көмүр, мазут жана башка отундарды алмаштыра ала турган суунун өзүн баалуу байлык катары таанышыбыз керек, дейт Өмүрбек Текебаев.

Депутат Тайырбек Сарпашев дагы суу – кыргыз элинин, Кыргызстандын байлыгы бойдон калышы керек деген пикирин билдирди. Суроолорго жооп берип жатып өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев анын оюнда Кыргызстандын келечегин сатып жиберейин деген бузуку ниет жок экендигин, суунун ачкычы Кыргызстандын колунда калышын ал дагы каалай турганын айтты.

Камбарата ГЭСтеринде Кыргызстандын үлүшү канча болот?

Коомчулукту чочулатып жаткан дагы бир маселе – болочокто түзүлө турган биргелешкен ишкана, фирмаларда Кыргызстандын үлүшү, күчү канча болот, көзөмөл кимдин колунда болот деген суроо. Өкмөт алгач Кыргызстандын үлүшү 34%, ал эми Казакстан менен Орусияныкы 33% болот деген эле. Парламентте дагы, коомчулукта дагы Кыргызстандын үлүшү 51% кем болбош керек деген пикир күч. Мисалы, депутат Тайырбек Сарпашев суу биздики болгон соң бул маселе Кыргызстандын гана пайдасына чечилиши керек деген ойдо.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев дагы бир эле энергетика тармагындагы эмес, чет өлкөлүк фирмалар менен түзүлгөн биргелешкен ишканалардын баардыгында Кыргызстандын үлүшү 51% кем болбош керек дейт.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев жеке эле биргелешкен ишкана эмес, ошол ГЭСти иштете турган менеджмент тобу дагы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогудай шартта турушу керек деп, мисалга Кумтөр кенин келтирет.

Парламентте 1-июнда болгон талкууда болчок биргелешкен ишкананын 51% акциясы Кыргызстандын колунда болсун деген сунушту депутат Осмон Артыкбаев дагы билдирид. Анын бул айтканына премьер-министр Алмаз Атамбаев дагы каршы эмес экенин, бирок Кыргызстандын колунда ресурс бар деп жата берсек, ал ресурс өлүк бойдон калып, экономика үчүн иштебей жатат, 51% болгонго макулмун, бирок мындай шартта инвестор табууга кыйын болуп калат, деген пикирин айтты.

Ал эми «Улуттук электр станциялар» акционердик коомунун төрагасы Сапарбек Балкыбеков бизде мынча процент болсун деп шарт коюп, талаш-тартышка түшүү атыла элек аюнун терисин бөлүштүргөнгө тете иш.

Сапарбек Балкыбековдун пикири боюнча, Камбарата ГЭСтерин куруу менен Кыргызстандын колунда Нарын-Сырдарыя каскадындагы сууну азайтып, көбөйтүп туруучу күч чыңдалат.

Тармактагы оор абалга коррупция күнөөлүү

Энергетика тармагындагы оор абалдын келип чыгышына талдоочулардын пикири боюнча, баарыдан дагы коррупция күнөөлүү. Энергетиктер ассоцациясынын президенти Жамалбек Түлөбердиевдин пикири боюнча, энергетика тармагы иштеп чыгаруучу, ташуучу жана бөлүштүрүүчү компанияларга бөлүнө элек 1996-жылга чейин мамлекет жылына энегетика тармагынан 1,5-2 млрд. сомго чейин таза киреше көрчү. Ал убакта электр кубатын жоготуунун өлчөмү 11-12 проценттен ашчу эмес.

Ал эми азыркы тапта энергетика тармагы мамлекетке 1,5 млрд сом карыз, электр кубатын жоготуунун өлчөмү 45-50%.

Мындан 10 жыл мурда элге 1 кВт/саат электр энергиясы 7 тыйындан сатылса, азыр ГЭСтер иштеп чыккан нарктан 22 эсе кымбатка – 60 тыйындан сатылууда. Ал эми ошол эле убакта кыргыз өкмөтүнүн мурдагы биринчи вице-премьер министри Данияр Үсөнов Өзбекстанга 1 центтен же 38 тыйындан сатуу тууралуу келишимге кол коюп келген. Премьер-министр А.Атамбаев 1-июнда болгон парламенттеги талкуу учурунда муну өтө чоң кемчилик деп баалады.

А.Атамбаев энергетика тармагындагы коррупцияны жоюш үчүн тармактагы компаниялардын директорлор кеңешине өкмөт мүчөлөрү дагы кире ала тургандай шарт түзүлүш керек деп эсептейт. Ал максатта тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталган. Алмаз Атамбаевдин айтымында, эгер бул мыйзам өтсө тармактагы бир топ коррупционерлер кызматтарынан кетип, жоопко тартылышат.

Учурунда мурдагы премьер-министр Феликс Кулов «Улуттук электр станциялар» акционердик коомунун төрагасы Сапарбек Балкыбековду кызматтан алууга аракет жасаган жана ал максатта атайын ачык кат менен президент Курманбек Бакиевге кайрылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Турганалиев дагы Сапарбек Балкыбеков менен Алексей Ширшовду Аскар Акаевдин тушунан бери мамлекетке зыян келтирип келаткан чиновниктер катары эсептейт, аларды кызматтан алууну Т.Тургуналиев бир нече ирет президент К.Бакиевден ачык дагы, кат түрүндө дагы суранып, талап кылып келатат.

Депутат Осмон Артыкбаев Камбарата ГЭСтеринин чет өлкөлүктөргө теңата кожоюн шартында берилишинин минтип шашылыш коюлуп жатышына коррупцияга баткан күчтөрдүн кызыкчылыгы роль ойноп жатса керек деген пикирде.

Долбоор жок, келечек бүдөмүк

Депутаттардын дагы бир бөлүгү Орусия жана Казакстан фирмалары менен кыргыз өкмөтү кандай шартта иштей турганын ачык көрсөтө турган долбоор жок деп жатышат. Мисалы, депутат Темир Сариев курула турган Камбарата ГЭСтери тууралуу өзүнчө мыйзам керек деген пикирде. Ал эми премьер-министр Алмаз Атамбаев инвесторлорду тапкандан кийин аларга Камбарата ГЭСтери кандай шартта бериле турганын караган документтер сөзсүз түрдө парламенттин талкуусуна коюлуп, парламенттин макулдугунан өтөт деп ишендирди.

Ошентип,

бул талаштуу маселе бүгүн эми парламент сессиясында каралат.

Кубат Оторбаев, Бишкек

XS
SM
MD
LG