Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

18:10 Майлуу суу электр лампа заводунун жумушчулары өкмөткө кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАТ. Бүгүн заводдун алдына митингге чыккан 300дөн ашык жумушчу ишканадагы абалды өкмөт башчынын гана оңдой алаарына ишенимдерин билдиришти. Алар ишкананын туура эмес жана арзан баага менчиктештирилгендигине, заводдун үзгүлтүк менен иштегендигине, орусиялык “ВАВС” аттуу фирма мекеменин акцияларын сатып алгандан бери өзгөрүү болбогондугуна жана инвестордун келишиндеги убадаларын аткарбаганына нааразылык билдиришти. Ошондой эле февраль айынын маянасын толук төлөп берүү жана ишкананын акцияларын орусиялык фирмадан кайра мамлекетке өткөрүп алуу менен заводго кыргыз өкмөтүнөн атайын башкаруучу дайындоо талабын коюшту. Премьер-министр Алмаз Атамбаев заводго келгиче нааразылык акциялары улантыла бере тургандыгын айтышты. Ишкана директордун орунбасары февраль ай үчүн жалпы карыздын 30 пайызы калганын жана эмгек акы бүгүндөн тарта төлөнө тургандыгын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG