Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

АСКЕРИЙ СОТ АЙЫПКА ЖЫККАН ЖОК


Улан Эшматов,Прага Кошмо Штаттар Гуантанамодогу түрмөдө олтургандар үчүн түзгөн аскерий трибунал ал жердегилердин экөөсүнө коюлган айыпты алып салды. Мындан улам байкоочулар соттун жогорудагыдай чечими аскерий түрмөдөгү 380 адамдын баарынын ишин кароого тоскоолдук кылышы ыктымал экендигин айтып жатышат.

Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык аскерий түрмөдө террор аракеттерине аралашканы үчүн шектелген чет элдиктер кармалып олтурат. Алардын көбү Ооганстанда 2001-жылы, талибдердин бийликтен кулашына алып келген аскерий операциялардын учурунда туткундалгандар. Кошмо Штаттардын конгресси Гуантанамодо отургандардын ишин сотто териштирүүнүн жол–жоболорун көргөзгөн мыйзамды былтыр кабыл алган болчу. Андыктан коюлган айыптары алынган эки адамдын иши аскерий трибуналда ошол жол-жоболорго ылайык каралды.

Алардын бири Йемен өлкөсүнүн Салим Ахмед Хамдан ысымдуу жараны экен. Ал кезинде Ооганстанда "Аль-Каиданын" анабашы Усама бин-Ладендин айдоочусу жана жансакчысы катары иштеген деп айыпталган. Экинчиси Канаданын 20 жаштагы араб тектүү Омар Хадра аттуу жараны. Ал Ооганстанда америкалык аскерди кол граната ыргытып өлтүргөнү үчүн шектелген.

Америкалык аскерий трибуналдын жөнгө салган азыркы жол жобого ылайык ал "душмандын мыйзамсыз согушкери" (unlawful enemy combatant) деп эсептелгендердин ишине гана соттук териштирүү жүргүзө алат. Андыктан бул жолку сот жараянга төрагалык кылган аскерий судья, полковник
Питер Браунбектин түшүндүрмөсүнө караганда, трибуналда жогорудагы эки чет элдик жарандын ишин кароого ыйгарым укук жок болуп чыкты. Анткени Салим Хамдан менен Омар Хадрга "душмандын мыйзамсыз согушкери" деген аныктама берилген эмес.

Аскерий өкүлдөр айыптары алынганы менен аталган эки жаран террорчулукта шектелгендер катары Гуантанамодо кармала берерин билдиршти. Ал эми баяндамачылар бул сот жараяны Гуантанамо трибуналынын келечегине шек келтириши мүмкүн экенин айтышууда.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Роберт Гейтс бул жаңылыкты 5-июнда, Бишкекте жүргөн жеринен уккан. Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып ал жогорудагы чечим Гуантанамодогулардын ишин сотто кароонун келечегине кандай таасир берерин айтуу азырынча эртелик кыларын белгиледи:

- Мен бул жөнүндө 5 мүнөт мурда гана уктум. Чечимдин акү-чүкүсүн билбейм. Биз муну карап, кандай таасири болорун көрүшүбүз керек.

Жамил Жеффер, Американын атуулдук эркиндиктер биримдиги ( American Civil Liberties Union) деген уюмдун адвокаты, канадалык Омар Хадрдын сотуна байкоочу ирээтинде катышкан. Ал соттун чечими АКШ өкмөтүнүн Гуантанамодогу 380 адамдын ишин аскерий трибуналда кароо аракеттерине тоскоолдук кыларын айтат:

- Судья Омор Хадрды соттоого трибуналдын ыйгарым укугу жок экенин билдирди. Сот чечим кабыл алууда таянган негиз - алыска кетерлик жана Хадр үчүн гана эмес, камактагылардын буга чейин соттолгондору жана келечекте соттолушу мүмкүндөр үчүн да реалдуу таасири бар.

Быйыл мартта Гуантанамо боюнча аскерий трибуналда Австралиянын Девид Хик аттуу жаранынын иши каралган. Ал күнөөсүн, атап айтканда террорчуларга материалдык колдоо көргөзгөнүн моюнга алган эле. Ушундан соң тогуз айлык түрмө жазасын өтөө үчүн Гуантанамодон бошотулуп, мекенине жөнүтүлгөн болчу. Соттун соңку чечиминен кийин бул иштин мыйзамдуулугунан күмөн санаган пикирлер да айтылды.

XS
SM
MD
LG