Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин АКШ боюнча куратору Эрмек Тургуналиев бүгүн билдирди. Маалыматка караганда Ричард Баучер расмий жолугушууларды 8-июнда өткөрөт. Анын алкагында ал президент, премьер-министр, тышкы иштер министри менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзөт. АКШнын дипломаты 11-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушат. Ричард Баучер сапары учурунда Борбор Азиядагы Америка Университетинде жана Кыргыз-орус славян университетинде иш чараларга катышат. (AiT)
17:45 АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер Кыргызстанга бейшемби күнү кечинде келет