Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

18:45 Ысыккөлдөгү эс алуу жайлардан салык төлөмү быйыл эки эсе көп чогулат


ЫСЫККӨЛ. Республикалык салыктар жана жыйымдар комитетинин башкармалыгы Ысыккөл райондук администрациясына эс алуу жайлардын жетекчилерин чогултуп, төлөм акыларынын жаңы ыкмалары боюнча түшүндүрмө берди. Комитеттин башчысы Алмаз Тайлаков эс алуу жайлардын шарты жана орундугуна жараша төлөм акылары алдын ала эсептелип, ал боюнча макулдашуу түзүлөрүн эскертти. Бул ыкмага өз ыктыяры менен кошулагандарга сезон бүткүчө бир дагы текшерүү жүргүзүлбөйт экен. Ошондуктан бул артыкчылыкты тандап алган пансионаттар канча салык төлөөрүн эртелеп эле билип алууга өтүштү. Салык тармагындагы мындай ыкмаларды чечмелеген Ысыккөл райондук салык бөлүмүнүн башчысы Нурмат Шамбетов быйыл жер салыгы дагы үч эсе көбөйгөнүн белгилеп, жалпы жыйым өткөн жылдагыдан эки жарым эсеге көп чогулаарын маалымдады. (RB)

XS
SM
MD
LG