Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

КУШТАРДЫН САСЫК ТУМООСУНА КАРШЫ ЭМ ДАРЫ ЧЫГАРЫЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Окумуштуулар куштардын сасык тумоосун дарылоого маанилүү кадам жасашты.

Куштардын сасык тумоосун жугузуп алган вьетнамдык төрт жарандан оорудан жакшы болгондон кийин алынган кандын жардамы менен окумуштуулар ооруга каршы иштелип чыккан заттарды бөлүп алууга жетишти. Тажрыйбалардын жүрүшүндө каршы заттар чычкандардын организмине киргизилип, башкача айтканда чычкандар эмделип, андан соң чычкандарга куштар сасык тумоосунун H5N вирусу жугузулган. Натыйжада эмдөө жасалган чычкандар тирүү калып, ал эми эмдөө жасалбай туруп оору жугузулган чычкандар өлүп калган. Вашингтондогу Аллергия жана Инфекциялык оорулар Улуттук институнун башчысы Энтони Фауци, эгерде азыр өткөрүлүп жаткан сыноолор ийгиликтүү болсо жаңы дарыны ооруну алдын алуу эмдөөсүндө пайдаланса боло турганын белгилейт.

1918-жылы доктурлар кадимки сасык тумоого каршы эм дарыны да ушундай жол менен ойлоп таап, натыйжада ооруну жугузуп алган адамдардын теңине жакынын аман алып калышкан. Бирок, ошентсе да өткөн кылымдын башында тутанган "Испан" пандемиясы кеминде 20-40 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун 31-майда тараткан маалыматына караганда, куштар сасык тумоосу менен ооруп калган адамдардын саны 309 кишиге жетти, алардын 187 каза болду. Индонезия менен Вьетнамда ооруга дуушар болгон адамдардын саны ар биринде жүз кишинин тегерегин түздү.

Бирок, Вьетнам ооруну токтотууга жетишти, акыркы оору ал жерде 2005-жылы катталган.

XS
SM
MD
LG