Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:43

МАМЛЕКЕТТИ КӨЗҮН МАЙ БАСКАНДАР БАШКАРАБЫ?


«Де-факто» гезитинин суроолоруна Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов жооп берип жатып, эгер бийлик азыркы кейпи менен кете берсе сөзсүз экинчи ыңкылап болушу мүмкүндүгүн, бүгүн Акүйдө олтургандардын биринде да өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жоктугун, президент доор алмашканын аңдабай дагы эле илгерки 1-секретарчылап, район, айылдарга чейин кийилгишип башкаргысы келерин, алардын болгон максаты 2010-жылга чейин бийлигин сактап туруу болуп калганын, Куловдун Орусиянын колтугунан жылуу жай издеп жатканы Кыргызстандын колунан эч нерсе келбей калган бечаралыгын моюнга алуудан бөлөк эч нерсе эместигин, ийнинде башы бар Орусияга 2 миллиард доллар карызга белчесинен батып, эли туш-тушка бозуп, бейиштей жерин криминалдардын уюгуна айландырган Кыргызстандын кереги жоктугун сөз кылган. Генерал ошондой эле Кыргызстан күчтүү мамлекет болуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү барын, бирок ошол мүмкүнчүлүктүн эки чылбыр-бир тизгинин колуна алып, бийликке келген адамдардын көзүн май басып, эл байлыгына беш манжасын салып кирерин, жеп жатат деп кезинде Акаевди какшап айтып келгенибизди, бүгүн Бакиевдин жеп-ичип жаткандарын айтып жатканыбызды, бирок бири да үн катпагандыгын айткан. Ушул эле гезитке белгилүү саясатчы Бегиш Ааматов, Акаевчылардын арааны кайрадан ачылганын, алар эми өлкөдөгү эң эле өтүмдүү деген «Агым» гезитин сатып алышканын, анткени гезиттин жаңы кожоюнуна тиешелүү «Эсен-Эйр» авиакомпаниянын артында Акаевдин сүймөнчүк аспиранты Кубанычбек Жумалиев менен уулу Айдар Акаев турарын маалымдады. «Азаттыктын» окурмандарынын эсине сала кетели, аталган гезитти «Эсен-Эйр» менчик авиакомпаниянын ээси Бегалы Наргозуев деген ишкер жигит ушул жылдын өткөн айында сатып алган. Ал «Агымдын» мурдагы кожоюну Мелис Эшимкановдун досу экендигин айтышууда.

«Айкын» гезитине «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо фондунун уюштуруучусу, журналист Абдувахаб Мониев аңгеме куруп, бүгүн эл кечээ эле Акаевга кош-коштоп кошомат айтып, мамлекетке эмес Майрам Акаевага кызмат кылган, мамлекетти алар менен кошо талап-тоногондордун бал тилине алданып, ууру-кески саясатчыларды алдейлеп, ошол эле убакта Акаевдин бийлиги менен, андагы уурулар менен 17 жылдан бери бел чечпей күрөшүп келаткан, Акаевдин бийлиги күчүндө турган кезинде эле аны Чаушескинин тагдыры күтүп турат деп айткан Өмүрбек Текебаевдай күчтүү саясый ишмерди бүгүн заматта «эл душманына» айлантып, «Акаевдан акча алыптыр», «Акаевге кат жазыптыр» деген карандай ушак менен жалган жалаанын жалаягында жамбаштап жатканыбызды, элдин өзүндө адилет баа берүү касиети болбогондугунан бүгүн көр дүйнө топтоп, Ата Мекенин сатуудан кайра тартпай калган, саясат терисин жамынган шылуундардын куралына айланып, кыргыздын келечегине балта чаап жатканыбызды баяндаган.

«Өлкөнүн өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Таластагы жүрүшүндө «Андаш» алтын кенин жабам деп айтты, бирок чындап келгенде премьер-министрдин кен тургай кенедей комокту жапканга укугу жок» деп айтты Болот Шерниязов. Депутаттын айтымында «Жерүй Алтын» чалып аткан чалмакейдин баарына премьер-министр көз жуумп баса берген, бул компанияга берилген лицензиянын мөөнөтү ушул жылдын 19-июлунда бүтөт. Анан бир айга жетип-жетпеген убакыттын ичинде «Жерүй Алтын» каяктагы алтынды чыгарат? Б.Шерниязовдун «Бишкек пресс клубунда» айткандарын жарыялаган «Лица» гезити анын дагы бир маалыматын таратты. Көрсө «Жерүй» алтын кенин басып алуу боюнча буйрук Лондондон берилгенин, кенге берилген лицензия эч кандай тендерсиз жабык-жашыруун жол менен чечилгенин, бул маселе 2006-жылы парламенте козголгонун, муну уккан ошо кездеги өнөржай министри Алмаз Атамбаев отставка берип оппозицияга кеткенин, бүгүн эми ал Акүйгө кеген соң Жерүй боюнча теңирден тескери пикирде болуп жатканын айтып берген.

Ал эми «Общественный рейтинг» гезити Ф.Куловдун: «Орусия менен союз түзгөндөн жеп-ичкендер гана коркушат» деген оюна сурамжылоо жүргүзгөндө КР Акыйкатчысынын эксперти Медина Кочкарова, Куловдун бул аракетин апрель митингинде түшкөн аброюн кайрадан чогултуу далалаты деп бааласа, депутат Өмүрбек Текебаев, азыркыдай абалдан чыгуу үчүн ар ким ар кандай варианттарды сунуштап жатканын, маселен Мамлекеттик катчы А.Мадумаров тээ 97-жылы эле Кыргыз-Казак конфедерациясын түзүү маселесин көтөрүп чыкканын, мына ушунтип бүгүн бийликтин өзүндө да Кыргыз мамлекетин кантип мамлекет кылуу идеясы жоктугун көрсөтөрүн, алтургай бир кезде бийликке нааразы болгон аксылыктар керек болсо Өзбекстанга кошулуп жашайбыз деп чыгышканын, айтор мындай союз түзүү жөнүндөгү ойлор азырынча эрте экендигин айтып жооп берген.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG