Мындай пикирди өкмөт башчы Алмаз Атамбаев административдик-аймактык реформа боюнча комиссиянын 6-июнда болгон жыйынында билдирди. Комиссия түзгөн жумушчу топтун башчысы академик Турар Койчуев реформанын жети вариантын иштеп чыгып, жыйынга сунуштады. Премьер-министр реформа этап-этабы менен 2010-жылга чейин жасалыш керек деген оюн ачыктады. Жыйында 20-июнга чейин акыркы вариантты даярдоо чечими кабыл алынды. (AiT)