Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

21:30 Ричард Баучер бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. АКШнын мамлекетик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер бүгүн кечинде Алматадан Бишкекке келгенден кийин, кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда конституиялык реформаны алга жылдыруу, сот системасынын көз карандысыздыгына жетишүү, сөз эркиндиги жана билим берүү проблемалары тууралуу сөз болду. Ричард Баучер Кыргызстандагы бул проблемаларды чечүүгө Кошмо Штаттары жардам берүүгө кызыкдар экендигин айтты. Анын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы сот системасын реформалоо үчүн Вашингтон 20 млн. доллар берүүгө ниеттенип жатат. Эртең Ричард Баучер Борбор Азиядагы Америка университетинде сөз сүйлөйт. Сапардын алкагында Р.Баучер Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушмакчы. (КО)

XS
SM
MD
LG