Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

“ЧОҢ СЕГИЗДИН” САММИТИ: КЛИМАТ ПРОБЛЕМАСЫНДА МУНАСА ТАБЫЛДЫ


Германиянын Хайлигендамм шаарында өтүп жаткан “чоң сегиздин” саммитинде газ калдыктарын кескин кыскартуу тууралуу лидерлер мунасалуу чечимге келишти. Жетишилген макулдашууну немец канцлери Ангела Меркел чоң ийгилик деп баалады.

Саммит алдында немец канцлери Ангела Маркел “чоң сегиздин” өлкөлөрүнө дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө өбөлгө түзүп жаткан газ калдыктарын 2020-жылга чейин 20, ал эми алдыдагы жарым кылымда 50 процентке кыскартууну сунуш кылган эле. Германиянын демилгесине АКШ кошулгандан баш тарткан болчу. Президент Буш бул процесске Кытай жана Индия тартылмайынча эч кандай жылыштар болбой турганын эскертип, Вашингтон бул өлкө менен бирге өзүнүн планын иштеп чыгарын билдирген.

Саммиттин жүрүшүндө бул маселе боюнча тараптар кайра-кайра сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баса олтурган масилеттерден кийин Германиянын сунушуна макул болушту. Кабыл алынган документте конкреттүү цифралар аталган жок, бирок алдыдагы жарым кылым ичинде климаттын өзгөрүшүнө өбөлгө болуп жаткан газ калдыктарын атмосферага чыгарууну эки эсе кыскартуу глобалдык башкы максат делинип жарыяланды. Ушу документтин негизинде “чоң сегиздин” өлкөлөрү аталган чөйрөдө өздөрүнүн программалары менен иш-чараларын аныкташы керек.

Талкуулардын жүрүшүндө Франциянын президенти Николя Саркози чукул арада газ калдыктарын кыскартуу үчүн атайын нормаларды иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөттү. Мындай эрежелерди аныктоодо Улуттар Уюмунун жетектөөчү ролун жана ал кайра каралбас маселе экенин АКШ туура түшүнүшү керек, деп баса белгиледи Саркози.

Меркелдин баасында, жетишилген мунаса климат проблемасы боюнча Улуттар Уюмунун быйыл декабрда Бали аралында боло турган эл аралык конференциясына жолдонгон маанилүү сигнал болду. Бу жыйында Киото келишиминен кийинки көрүлө турган чаралар талкууланат.

Ушу тушта АКШ,Кытай жана Индия биригип атмосферага газ калдыктарынын теңинен көбүн чыгарат.

XS
SM
MD
LG