Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

ОРУСИЯ: СТАВРОПОЛДО ЭТНИКАЛЫК АРАЗДАШУУ ТУТАНДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Ушул күндөрү Орусиянын түштүгүндөгү Ставрополь шаарында абал өтө чыңалып турган чагы. Жергиликтүү жүздөгөн тургундар шаардагы бүт чечен улутундагылар менен Түндүк Кавказдан келгендерди ал жактан кетирүүнү талап кылышууда. Балакеттин баары жакында этникалык эки орус студентин белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкенде башталган. Ставрополдогу орустар ал жигиттерди чечендер өлтүрүшкөн деп ишенишет. Анткени ага чейин, майдын этегинде, бир чечен студенти массалык тополоңдо көз жумган.

Ставрополдогу расмий бийлик өкүлдөрү студент Гелани Атаевди 24-майда славяндар менен кавказдыктар ортосунда болгон урушта катуу сокку жеп өлгөн дешти.

Бирок дагы бир чеченстандык студент Заурбек Ахмадов Атаев кандай абалда көз жумганын өз көзү менен көргөнүн айтат. Атабаевди, анын айтымында, скинхеддер төгөрөктөп, катуу сабашкан. Ошонун натыйжасында ал көз жумду. Бирок, Заурбектин айтымында, скинхеддер эле эмес, ал тополоңду токтотуу үчүн чакырылган ОМОН менен жергиликтүү милиция дагы улутчулдарга кол-кабыш кылышкан.

- ОМОНдун кызматкерлери скинхеддерди колдоп: «Караларды өлтүргүлө!», - деп кыйкырып жатышты. Милиционерлер болсо: «Болгула! Силер көпсүңөр, алар аз! Ыкчамдагыла!», - деп улутчул жаштарды колдоп турушту. Эгер алар ушинтип кыйкырышпаганда, баары тыңч эле таркап кетишмек. Геланини үч скинхед тепкилеп жатканда, алардын жанында милиционерлер турушкан. Алар Геланинин колуна кишен салып, скинхеддерге берип коюшту. Мен чуркап келе койдум да, скинхеддердин бирөөсүн бери тарта койдум. Экинчисин да сууруй баштаганымда, мага ок чыгарышты. Менин эки бутума тең атышкандан кийин, тизелей жыгылдым. Мен жерге жатып калганда, бетиме тепкилей башташты. Кийин бизди милициянын УАЗына тыгышты. Гелани жерге кулап түштү. Ал учурда Гелани дале тирүү болчу.

Андан ары өлүм алдында бир эсине келип, бир эсин жоготуп жаткан Геланинин үстүнө милиция дагы эки адамды жүктөп, ошо менен бир канча убакка шаарды айланып жүрүптүр.

- Ал дале дем алып жаткан, бирок тамагы кырылдап турган эле. Мен машиненин терезесин каккылап, жок дегенде менин колумдан кишенди алып салышын сурандым. Геланиге жардам берейин дедим. Бирок милиционерлер болсо: «Эч нерсе эмес. Эми Аллаху Акбар деп деп кыйкырбайсың. Адамыңардын саны бирөөгө кыскарат», - деп коюшту. Мени, Геланини жана дагестандык бирөөнү ушул машинеге салып алып, бир саат бою шаарды айланып жүрүштү. Геланини бетин жерге каратып таштап коюп, үстүнө бизди ыргытышкан. Кийин бизди кайра эле окуя болгон жерге алып келишти да, башка машинеге отургузушту. Геланини жерге бургап салышты. Кийин алар аны бутуна тургузууга аракет кылышты эле, бирок ал утуру кулап жатты. Ошол учурда Гелани эсинен тайып, өлүм алдында турган болчу. Анан аны машинеге салып коюшту, - дейт Заурбек.

Окуяга күбө болгон бул студент Заурбек Ахматовдун айтымында, ал азыр прокуратурада кылмышка күбө болгон адам катары каралып жатат, бирок райондук милициянын бөлүмүндө аны «милицияга кол салган» деп күнөөлөп жатышыптыр. Ал өзү милиция кызматкерлерине кол салбаганын айтат.

Атаевдин өлүмү жаңжалдын эң башы гана болчу. Тогуз күндөн кийин, 3-июнда, орус улутундагы эки студенттин өлүгү табылды. «Дмитрий Блахин менен Павел Чадинди чечендер өч алуу максатында өлтүргөн болушу мүмкүн» деген ушак заматта тарап кетти. Бирок жергиликтүү укук коргоо органдары ал студенттер талап-тоноочулардын колунан өлгөн деген билдирүү таркаткан. Шаардагы чечендердин тобу да ал жигиттердин өлүмүнө эч кандай тийиштиги жок экенин айтып чыкты.

Ставрополдо азыр да абал курч бойдон калууда. Шейшембиде түрдүү улутчул жаштардын топторунун миңдей адамы көчөгө чыгып, башаламан митинг өткөрүштү.

Алар милициядан кылмыш боюнча так маалыматты талап кылып жатышат. Көчөдө алар тополоң уюштуруп, бир машинеге кол салып, дүкөндүн терезелерин сындырышты. Милиция 51 адамды камакка алганын айтат.

Шаардык прокуратурадан билдиришкендей, ал жерде улуттар аралык араздашууну күчөтүүгө аракет кылгандарга каршы кылмыш иши козголду.

Чынында, Орусия үчүн Ставрополдогудай абал жаңылык эмес. Азыр ал жакта бийликтер канткен менен Кондоподогудай жаңжалдын кайталанбашы үчүн аракет кылып жатышканын билдиришти.

Анткен менен, өлкөдөгү айрым байкоочулардын айтымында, бул жаңжалдын тутанышына радикалдуу саясий топтор да бир топ эле аракет кылышкан өңдүү. Анткени буга чейинки окуялар көрсөткөндөй, Орусияда улуттар аралык араздашуу учурунда да айрым саясий топтор жалпы өлкөнүн деңгээлинде тааныла алышат.

XS
SM
MD
LG