Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

ТЕСТ- БИЛИМ ТАРАЗАСЫБЫ?


Кабыл Макеш , Бишкек Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алууда тест сынагы киргизилгенине 5 жыл болду. Алгачкы жылдары эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен болочок кесип ээлеринин билимине калыс баа берилип келген. Бирок айрым билим берүү өкүлдөрү соңку кезде бул тармак коррупциялашып кетти деп сынга алышууда.

Быйыл бюдеттик негизде окуу үчүн жалпы тестирлөөгө 34 миңден ашуун окуучу катышты. Жүйөөлүү себептер менен кечикендер райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн кошумча каттоодон өтүп, тестке катышууга укуктуу. Быйыл 5 миң жети жүз жети бүтүрүүчү гана бюджеттик негизде жогорку окуу жайларга кабыл алынат.

Билим берүү министринин мурдакы орун басары Жангороз Каниметовдун
пикиринде, жалпы республикалык тестирлөөнүн уюштурулуп жатканы коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоо үчүн мыкты каражат болгону менен тесттин өзөгүнө өзгөртүү киргизүү зарыл. Ошондой эле эми жакынкы арада күндүзгү окууга өтүүнү каалагандар менен кошо сырттан окугусу келгендер да Кыргызстандагы ЖОЖдорго тапшыруу үчүн жалпы тестирлөөгө кирүүгө мажбур болмокчу. Эгерде тестирлөө менен жалпы мамлекеттик экзамендерди бирге өткөрүү менен гана билим берүүнүн деңгээлин көтөрүп, реформа болоор эле” дейт Жангороз Каниметов.

Быйыл мектепти 79 миңден ашуун окуучу аяктап жатат. Мамлекет аларга 5707 бюджеттик орун бөлүп берүүдө. Бул орундарга адаттагыдай эле бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Быйыл Жогорку окуу жайлардагы орундардын 65 пайызы айылдык балдарга берилгени турат. Ал эми 19 пайызы шаардан, 15 пайызы облустук жана кичи шаарлардан өткөн. Быйыл дагы бир жеңилдик киргизилип жатат. Ал бийик тоолуу райондорго мугалимдик жана дарыгерлик кесиптер боюнча жеңилдик болот.

Кыргызстанда тест сынагын уюштуруу милдети “Билимди баалоо жана окутуу усулдары” борборунун мойнунда. Дал ушул борбор ар кандай өңүттөгү катачылыктарды кетирүүдө дешет билим берүү адистери.

Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Сейитбек Жаанбаевдин пикиринде тест борборунун суроолору жаплы билим берүү тармагын камтыбайт. Окуу программасынан сырткары түзүлүп, балдардын укугун басмырлап, чыныгы билим денгээли аныкталбай калууда.

- Бул тестирлөөдө суроолор өтө татаал экен, аларга бөлүнгөн убакыт да аз. Ошого байланыштуу ошол тесттеги суроолорду алып мугалимдерге жана студенттерге берип көрөлү деп жатабыз. Мүмкүн тестирлөөгө айтуу, сүйлөө боюнча сынакты киргизсе болот. Бул дүйнөлүк практикада кездешчү нерсе. Жазуу жүзүндө белги коюп эле кетип атышпайбы, ага кошуп тексттерди айттыруу эрежелерин киргизсе болот. Алардын ойлонуу жөндөмүн текшерүү зарыл. Биринчи кезекте баланын жеке сапаттары керек. А тестирлөө мындай сапаттарды ачыкка чыгарбайт. Бетме-бет отуруп аңгемелешкенден артыгы жок деп ойлойм, эгер ошол аңгемелешүү калыс өтсө,- дейт Сейитбек Жаанбаев.

Ал эми тестсынак аркылуу жогорку окуу жайларына кабыл алынган студенттердин сабактан жетишүүсү жогору экенин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын биринчи проректору Рысбек Калиев айтты.

- Бул коррупцияга каршы жасалган кадам. Биз мурун студенттерден оозеки түрүндө экзамен алчубуз. Биз, маселен, немис тили боюнча окуучунун сүйлөө речин, басымын, кандай сүйлөй ала тургандыгына карап баалачубуз. Тестирлөөнүн кемчилиги – анын жазуу түрүндө болгондугунда. Оозеки сынак жок. Жакшы жагы – коррупцияга бөгөт койгондугу. Азыркы тестсынактын кемчилиги эле абитуриенттин кандай жөндөмү бар, кандай сүйлөй аларын билбегендибиз.

Билим баалоо жана окутуу усулдары борборунун жооптуу кызматкери Мээрим Кадырованын айтуусунда, жогорку билим алууга умтулган улан-кыздарды сынактан өткөрүү негизинен эки тарамдан турат. Негизги бөлүгү - абитуриенттин логикалык ойломун, эне тилинде туюнтуу мүмкүнчүлүгүн текшерүү багытын көздөйт.

- Бул тесттин өзгөчөлүгү – билим жыйындысын текшербегендигинде. Постсоветтик мейкинде сынак абитуриенттин кайсы бир эрежени, теңдемени же формуланы, болбосо кайсы бир жерде болуп өткөн окуяны эстеп калышын текшерүүгө негизделчү. Бул билим тести. Биздин тест баланын логикалык ойлонуусуна негизделген, абитуриенттин математикалык, сүйлөө логикасын текшерүүгө багытталган. Башкача айтканда, адамдын аң сезиминдеги эки башталыш – так жана образдуу ой жүгүртүүсү кандайлыгын аныктоо маанилүү,- дейт Мээрим Кадырова.

Тестти уюштуруу жана өткөрүү учурунда айрым бийлик өкүлдөрү, билим берүү чиновниктери жана өлкөгө таанымал адамдардан суроолордун жоопторун билүүгө кызыгып, ишке тоскоол болгондор, ал түгүл пара сунуш кылгандар дагы кезигээрин, айрымдар шылуундук кылып упайын көбөйтүп берем дешип акча алгандар да болоорун Билим баалоо жана окутуу усулдары борборунун жооптуу кызматкери Мээрим Кадырова билдирди.

Тест сынак жогорку окуу жайларындагы коррупцияны толук жоюп жибербесе да, аны босогодон ары сүрүп таштап, жогорку билимдин эшиги татыктуулар үчүн ачык экенин далилдеди шекилдүү. Коррупциянын тизгинин тарталбай аткан Кыргызстандын шартында ушунун өзү деле чоң олжо.
XS
SM
MD
LG