Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

18:17 Аксы районундагы үч айыл өкмөттүн эли ишенген беш өкүл «Агым» гезитин сотко берди


Райондун Карасуу, Каражыгач жана Жаңыжол айыл өкмөттөрүнүн жыйындарында элдин өкүлдүгүнө шайланган 5 киши «Агым» гезитинен 25 миллион сом өндүрүп берүү доо арызын Бишкектин Ленин райондук сотуна тапшырды. Бул тууралу 8-июнда Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин Түштүк аймагындагы координатору Кубанычбек Маматкеримов билдирди. Анын айтымында «Агым» гезити апрель айында «Он күн убакыт беребиз» деген макаланы жарыялоо менен коомчулукка аксылыктардын абийир-ар намысы менен адамдык абийрине тийген, жалган жана такталбаган маалыматтарды таркаткан. Макалага кол койгон 5 кишинин бири да Аксы районунда жашабаганы ырасталган. Аталган макала аркылуу «Агым» гезити "борбордогу оппозициянын апрелдеги митингине аксылык 1200 адам катышып жатат, депутат Азимбек Бекназаровго эл ишенбегендиктен ага кызмат берилбей, мамлекеттик комиссиялардын курамынан чыгарылсын жана он күн ичинде губернатор И.Айдаралиев кызматтан кетпесе, аксылыктар Ош-Бишкек жолун Ташкөмүр шаарынын тушунан тосушат» деп жазган. (YA)

XS
SM
MD
LG