БАГДАД. Ирактын Диала провинциясынын акиминин Канаан деген жердеги үйүнө бейтааныш куралдуу кишилер кол салып, 14 кишинин өлтүрүп, акимдин төрт баласын уурдап кетишти. Курман болгондордун арасында анын аялы да бар. Акимдин бул убакта үйүндө болгон-болбогонун полиция маалымдабайт. Бүгүн ошондой эле Ирактын Курна шаарында миналанган эки автомашине жардырылып, андан 15 киши курман болуп, 30 чакты киши жаракат алды. Жараат алгандардын саны мындан да көп болушу ыктымал.