Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бүгүн Күнкөрсуз мамлекеттер шериктештигинин бейформал бийик жолугушуусу жана эл аралык экономикалык форум башталат. Анын алкагында Азербайжан менен Армениянын президенттери Илхам Алиев жана Роберт Кочарян дагы жолугуп, Тоолуу Карабак маселесин талкууга алыш керек. Шахмат боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Гарри Каспаров жетектеген "Башка Россия" деген оппозициялык уюм Санк-Петербургда каршылык митингин өткөрүүгө даярданууда.