Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:28

АНТИРАКЕТАЛЫК СИСТЕМА БОЮНЧА АКШ МЕНЕН ОРУСИЯ ОРТОСУНДАГЫ ТИРЕШҮҮ


Нарын АЙЫП, Прага Чыгыш Европа мамлекеттеринде антиракеталык системанын бөлүктөрүн орнотуш керек деп көптөн бери айтылып келген АКШ жетекчилигинин сунушуна орус президенти өткөн аптада өз сунушу менен чыгып, анын ордуна Азербайжандагы радар станциясын колдонсо жакшы болот деп билдирди. Айрым Батыш эксперттеринин пикиринде, Вашингтон ага макул болбойт, бирок Маскөө менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Ал сунушту президент Владимир Путин Алманиянын Хайлигендамм шаарында өткөн дүйнөлүк бийик жолугушуу учурунда АКШ президенти Жорж Буш менен 7-июнда эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөндө айтты. Буш ага дароо жооп берген жок, бирок маселени адистердин катышуусу менен кеңири талкуулаш керек деп билдирди.

"Мен айттым - бул идея кызык экен деп. Технологиялык жактан ал канчалык пайдалуу экенин билбейм, мен эксперт эмесмин. Бирок, биздин өкмөттө эксперттер бар, алар бул сунушту иликтеп чыгат, мен аларга тапшырма берем, орус өкмөтүндөгү эксперттер дагы биздин сунуштарды карасын, аны да мен айттым. Маселе, Алманияда ушул деңгээлде калды",- деди Буш 11-июнда София шаарынан.

"Тагесшпигель" деген немис гезити 11-июнда жазганга караганда, мындай маселелерди чындап чечүүнү каалаган олуттуу саясатчы аны сенсацияга айландырбастан, экинчи тарап менен чыныгы сүйлөшүү жүргүзүп, андан кийин гана жыйынтыкты жарыяламак. Азербайжандагы радар станциясы болсо, мисал үчүн, Ирандан учурулган ракеталарды кармоого көп жарабайт, анткени радар дайым - ракета атылган жерден алыста болуш керек.

Экинчиден, эгер ракета атам десе, Иран аларды эң биринчи кезекте Израилге каршы колдонот, Азербайжандагы радар болсо ага ылайыктуу эмес. Ошол эле себептен Чехияда орнотула турган радар Орусиянын европалык бөлүгүнөн атылган ракеталарды жакшы кармай албайт, эгер андай ракеталардан коргонолу десе, АКШ андай радарды Англияда орнотуш керек болчу,- дейт гезит.

Путин саммит алдында Батышка каршы бир топ катуу сөз айткан жана эгер Чехияда радар, ал эми Польшада антиракеталар орнотулса, биз өз ракеталарыбыз менен Европаны бутага алабыз деп да коркуткан. Чындыгында ракеталар мээлей турган бутаны бир нече мүнөттүн ичинде алмаштырса болот,- деп жазат гезит. Ошондуктан орус президентинин коркутканы дагы опуза болчу, бирок андай катуу сөздөрдү жумшартыш үчүн ал саммит учурунда сенсация жаратууга барды.

Азербайжандагы Габала радар станциясы 1985-жылы курулган жана "РИА Новости" агенттигинин билдиргенине караганда, анын иштөө мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Чехия менен Польшадагы системаларды болсо АКШ 2013-жылы орнотууну көздөйт, анткени 2012-менен 2015-жылдардын аралыгында Иран алыска жете ала турган ракеталарга ээ болоору күтүлүүдө.

Экинчиден, Чехияда коюлууга пландалып жаткан радар Азербайжандагыдан бир кыйла күчтүү болууга тийиш. Маскөөдөгү АКШ жана Канада институтунун деректиринин орун басары Валентин Зориндин айтымында, Чехияда орнотула турган радар Орусиянын аймагын Урал тоолоруна чейин көрө алат.

Айрым башка эксперттердин айтымында, АКШ өзүнүн антиракеталык системасындагы сырларды Орусияга ачууга даяр эмес. Азербайжандын орус сунушуна макул болуп жатканы болсо - Тоолуу Карабак маселеси боюнча ал Маскөөнү өз тарабына тартууга аракеттенүүдө,- деп жазат ошол эле "Тагесшпигел" гезити.

XS
SM
MD
LG