Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:47

18:50 “Ардагерлер” партиясынын Ысыккөл аймактык штабын түзүү боюнча үгүт иштери башталды


ЫСЫККӨЛ. Ысыккөл облусунун райондорунда эле эмес, ар бир айылга Ардагерлер партиясынын штабы түзүлө турганын партиянын Ысыккөлдөгү координатору Сыртбай Нургазиев билдирди. Анын айтуусунда пенсия курагын 55-60-жашка жана ардагерлер үчүн базар ачтырууга өкмөттү макул кылган бул партияга облустук 6 миңдей ардагер жана Ооган коомдору катталууда. Курагы 18 жаштан өйдө атуулдарды мүчөлүккө тартуу боюнча атайын баракчалар да таратылып атат. Ал эми партия төрагасы Олег Михайловдун ырастоосу боюнча Москвада өткөн Бүткүл орусиялык съездге Кыргызстандан 4 киши делегат болуп барганда, ардагерлер үчүн кайра ишетүү ишкана куруп берүү убада болгон. Кыргызстан боюнча Ардагерлер партиясына өткөн 15 миңдей мүчө “Ар намыс” партиясынын Орусия менен конфедерация түзүү сунушун колдой турганын Сыртбай Нургазиев маалымдады. (RB)

XS
SM
MD
LG