Анда «Жалпыга маалымдоо каражаттары» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган долбоор талкууга алынмакчы. Интернет сайттардын жоопкерчилигин маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги менен теңдөөнү караган бул долбоор электрондук мейкиндик аркылуу таратылган маалыматтарды иретке келтирүү максатын көздөөрүн долбоордун демилгечиси, депутат Алишер Сабиров буга чейин «Азаттыкка» билдирген. Ошол эле учурда бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү аталган долбоор укуктук да, техникалык да талаптарга жооп бере албастыгын белгилешүүдө. (SM)