Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

14-ИЮНДАГЫ ТАРЫХ ОКУЯЛАРЫ


1703-жылы жунгар өкүмдары Цевен Рабдан энесайдагы кыргыздарга Духар, Сандык, Аранжама Ченбил баштаган үч миң аскер жиберген. 1925-жылы Кыргыз автономиялык областы волосттук ишкагаздарды милдеттүү түрдө кыргыз тилине өткөрө баштаган.

Жунгар өкүмдары Цевен Рабдан 1703-жылы энесайдагы кыргыздарга Духар, Сандык, Аранжама Ченбил баштаган үч миң аскер жиберген. Өкүмдар аларга бүткүл кыргыздар менен аларга баш ийген кыштым калкын Түштүк Сибирден түгөл көчүрүп, Жунгарияга алып келгиле деп буйрук берген. Анын көз карашында кыргыздар мында жунгар контайшисинин көзөмөлүндө болуп, бейчеки иш жасабайт деп түшүнүлгөн.

Расмий Пекин бийлиги 1836-жылдын бу күнү Кашгардагы кытай өкүмдары Син Дэнин Кокон хандыгынын элчисине жасаган мамилесин жактырган Жардык жарыялады. Кытай бийлиги кокондуктарды бадахшандыктар менен кашмирдиктерден айырмалап салыктан куткарган, бирок расмий Пекин «Кокон өкүмдарынын кыялы ит менен койдой, ошондуктан андан бардык жамандыкты күтсө болот»-деп кызматчыларына эскертүү берген.

Тамак-аш тартыштыгы жана турмуш запкысынан кыйналган фронтовик-аскерлердин аялдары 1917-жылдын бу күнү Пишпек шаарында козголоң чыгарышты. Алар уездик начальниктин мекемесин тосушуп, аларга токтоосуз нан берилишин талап кылышты. Үрөйү үшүгөн жергиликтүү бийлик кырдаал туурасында билдирип Ташкентке телеграмма урган.

Түркстан Коммунисттик партия Борбордук комитетинин Аткаруу бюросу 1924-жылдын 14-июнунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрдүн бири - Абдыкерим Сыдыковдун коммунисттик партияга мүчөлүгүн калыбына келтирди. Буга чейин ал «жат элемент» катары партия мүчөлүгүнөн ажыратылып, А. Сыдыковго «эсер партиясынын өкүлү», «бай-манаптардын жетекчиси» деген күнөө коюлуп, куугунтук жасалган.

Кыргыз автономиялык областы 1925-жылы волосттук ишкагаздарды милдеттүү түрдө кыргыз тилине өткөрө баштаган. Ал убакта өлкөнүн административдик түзүлүшү-областтык, округдук, волосттук жана айылдык бийликтен турган. Ал эми, Пишпек сыяктуу орус калкы арбын жашаган аймактарда иш кагазы кыргыз жана орус тилдеринде бирдей жүргүзүлгөн.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын катарын тазалоо иши 1929-жылдын 14-июнда башталган. Темир жолчулардын Фрунзедеги клубунда өткөн жыйынында адегендеги «тазалоого» Кыргыз обкомдун жооптуу катчысы В. Шубин кабылган. Андан соң, агартуу боюнча элдик комиссар Касым Тыныстановдун иши каралып, «анын мурдагы ырларында орун алган идеологиялык өксүктөрү» сынга алынып, карлыгач агартуучуга сталиндик жазалоо кылтагы салынган.

Бу күнү, 1933-жылы жазуучу Кудайберген Жапаров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG