18-24-июнь күндөрү өтчү тогузунчу эл аралык фестивалга Казакстан, Тажикстан, Орусия, Татарстан жана башка мамлекеттерден балдардын чыгармачыл жамааты катышат. Билим берүү жана илим министрлиги менен “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борбору уюштуруп жаткан бул иш-чаранын алкагында, “Чыгыш бийинин тарыхы жана анын окуучуларды эстетикалык жактан тарбиялоодо мааниси” аттуу тегерек стол, чыгыш бийи боюнча сабактар, “Бий – тынчтыктын, достуктун, түшүнүүнүн элчиси ” аттуу балдар арасында талкуу өтөт. Аталган фестиваль ушуну менен Кыргызстанда үчүнчү ирээт өткөрүлүп жатат. (EBM)