Австриянын прокуратурасы аны тыңчы деп шек санап жатышат. Москва кечээ Австриянын элчисинен орус жаранын токтоосуз бошотууну талап кылды. Роскосмостун кызматкери ООНдун космос боюнча комитетинин Венада ачылган жыйынына келген. Окуянын башка чоо-жайы азырынча белгисиз.