Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

15:03 Аксыда киши өлтүрүү кылмышы менен шектелип кармалган адамды бошотууну талап кылган пикет өтүүдө


Кадышевдин жүздөн ашык урук-туугандары менен жакын санаалаштары катышты. Алар Кадышевди бошотуп, пикетчилер менен жолуктурууну, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө иштерин Кербенде жүргүзүүнү 17-июндан бери талап кылышууда. Пикетчилер менен район акими Аскербек Алиев жана Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүштү. Алиев пикетчилерге Кадышевдин кармалышына жергиликтүү бийлик менен тартип жана укук коргоо уюмдарынын тиешеси жок экендигин, маселени мыйзам жолу менен чечүү зарылдыгын түшүндүрдү. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп эсептелген Раимбек Кадышев Бишкекте немис ишкерин өлтүрүү кылмышына катышкан деген шек менен 15-июнда Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык тарабынан кармалган.(YA)

XS
SM
MD
LG