Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

АКСЫ – «А»дан «Б»га ЧЕЙИН


«Биз Акаевдин кулашын үч жыл күткөнбүз. Эми Бакиевди күзгө чейин күтөбүз. Күрөш ошондон кийин башталат. Аксылыктарды мен өзүм баштайм»,- деп
«Лица» гезити депутат Азимбек Бекназаров менен Аксы окуясына байланыштуу кенен кеп урду. Азимбек мырза ошол Боспиектеги кан төгүү болордо Ички иштер министрлиги «Тайфун» жана «Буран» операцияларын жүзөгө ашыруу аракетин баштаганын, Транспорт министрлиги атайын автоунааларды бөлгөнүн, Каржы министрлиги акча жана азык-түлүк менен камсыз кылганын… Азыркы Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов ошо кезде Аксы окуясын териштирүү боюнча комиссиянын орунбасар төрагасы болгонун, анан ал жетектеген комиссия Аксы боюнча күнөөнүн баарын жергиликтүү жетекчилерге оодара салып, Акүйдөгү чиновниктерди апааттан «аман-эсен» алып өтүп кеткенин, анткени Акаевге сөз берип койгонун, ошондуктан ал жетектеген комиссиянын бүтүмүнө комиссия мүчөлөрү Шерниязов менен Малеванная кол койуудан баш тартышканын, азыркы ыңкылапты керек болсо аксылыктар жасаганын…Бакиев убадасында турбагандыгы үчүн Аксы жүрүшү кайрадан башталарын айтып берген А.Бекназаров мырза. Ушул эле гезит убагында өкмөттү башкарган Исанов кыргыз алтынын талаган бирштейндерден коргой албай курман болгонун, ал эми ууланып айыккан азыркы өкмөт башчысы Атамбаев ошол эле кыргыз алтынын тоногусу келген березовскийлерден сактап кала алар бекен деп суроо коюп, көпчүлүк адамдар алтынды Атамбаев сактап каларына ишенбей калганын, Кыргызстанда эл баатыры деген жомоктор ушинтип күйүп кетип жок болорун, бирок кантсе да Атамбаевдин Акүйдүн эшигин тарс жаап чыгып кетерге шаасы барын, байкоочулар мындай окуя эң жакын күндөрдө кайталанарын, ошентип Бакиев кайрадан атка мингенин, ал эми ЖКда Келдибеков, Ташиев, Жапаров өңдүү жаш барчын депутаттар Камбар Ата ГЭСтерин куруу боюнча мыйзамдын баатырларына айланганын жазып чыкты.

«Де-факто» гезити экс-президенттин кызы Бермет Акаева менен баарлашкан. Бермет айым азыр дагы эле сурак берип жатканын, чоң ата, чоң апасынын бейиттерине барып куран окуп турарын, күйөөсү менен ажырашпай эле жашап келатканын, сиңдиси Саадат Орусиянын финансылык ири компанияларынын биринде иштесе, иниси Илим Америкада иштээрин, Айдар Маскөөдө турарын, жакында кыздуу болгонун, атасы Акаевдин тушунда Бакиевдин момурап эле жүргөнүн байкаганын, атылаар алдында Баяман Эркинбаев келип: «биз жаңылып калдык, төңкөрүш жасап абдан ката иш кылган экенбиз, А.Акаевди кетирбешибиз керек эле» деп, алтургай кечирим сураганын, орус президенти Путин А.Акаевди үй, машина менен камсыз кылып бергенин баяндаган. Гезит мындан тышкары Таластагы алтын чатагына байланыштуу жергиликтүү тургундардын ой-пикирлерине орун берген. Мисалы, Көпүрө-Базар айыл тургуну Каймазар Иманалиевдин айтымында алтын компания айылдагы маанилүү имараттарды өтө эле арзан баалаган, алтургай 1000 кою бар кишилердин 3 кою, 2 эчкиси бар деп катташкан. Көрсө айылдагы имараттар менен мал-мүлк канчалык арзан бааланса кийин ал компания элге ошого жараша компенсация төлөйт экен. Эл чет элдик компаниянын ушул сыяктуу жоругуна нааразы.

«Айкын» гезити Кумтөрдү менчиктөө жөнүндө мыйзам кабыл алганда да дал бүгүнкүдөй абал түзүлүп, аны Акаев күч менен кабыл алдырганын, Камбар Ата ГЭСтери боюнча мыйзам кабыл алуу да дал ушундай жол менен ишке ашканын, Кыргызстанда мындан башка байлык калбаганын, президент болсо эл ичинде энергетиканы сатып ийди деген сөз ушак деп айтканын, бирок Бакиев бийликте турганда эч качан «ууру, саткын» деген деп аталбасын, балээнин баары ал кеткенден кийин чыгарын, электр энергиясы колубузда туруп коңшуларга 30 тыйындан, ал эми өзүбүзгө кымбат (62 тыйындан) саткан шорлуу эл болгонубузга карабай президент өсүп жатабыз деп мактанып турганын, мактангысы келсе Орусия менен Казакстанда жан багып келаткан жарандарыбыздын өлкөсүнөн качканын токтотуп, колуна иш берип, завод-фабриктерди куруп анан мактанса жарашпайт беле деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Бишкек
XS
SM
MD
LG