Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:13

АКШ ЖАНА ОРУС ПАРЛАМЕНТАРИЙЛЕРИ СЫР ТАРТЫШЫП КӨРҮШТҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Вашингтондо бейшемби күнү АКШнын Өкүлдөр Конгресси менен Россиянын Мамдума өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Батыштык агенттер жазганга караганда, жолугушуу учурунда Косово маселеси жана Орусиянын ички турмушундагы саясий эркиндик жагдайы боюнча парламентер ортосунда пикир келишпөөчүлүктөр болгон. Ошого карабай олтурум акырында АКШ Конгрессинин эл аралык катнаш боюнча комитетинин жетекчиси Том Лэнтос эки өлкө алакасында пикир келишпөчүлүккө караганда, бир пикирге келүүчүлүк үстөмдүк кылат деген.

Америкалык Конгресстин эл аралык алака боюнча комитетинин жетекчиси Том Лантос ал жерде айткан кептин бири демократиянын абалы менен адам укугуна арналган. «Америка менен Орусия максатташ алып бараткан иштери кыйла, бирок президенттиктен Борис Ельцин кеткенден тартып ич ар алакабыз кыйла татаалданып калды» - деген Том Лантос.
Мамдуманын эл аралык маселелер боюнча комитетинин жетекчиси Константин Косачев буга окшогон жолугушууларды Орусия колдойт деп келип, «катардагы орусиялыктардын көпчүлүгү маркум Борис Ельцин кезиндеги Орусияны эмес азыркы Владимир Путин жүргүзүп аткан учурду жактырышат», - деп жооп берген.
Саясий анализчилер Маскөөнүн азыркы туштагы ички жана тышкы саясаты дүйнөлүк коомчулуктан өзүн- өзү обочолонтууда дешет.
«Менин оюмча жагдай өзгөрүлө баштады. Орусия бүгүн батыштын пикир келишпестигине өзү кабылуучу болду. Мындай саясат акырындап анын өзүн өзү туш-тушунан калкалап салуу көрүнүшүнүн күчөшүнө алып келет. Андай учур, болгондо да Орусиянын ичинде демократиянын калыптанышына каршы келген олуттуу маселлер пайда болгон учурда, аны азыркы режим чече албай турган учурда пайда болуп отурат», - дейт айтылуу эксперт, кезегинде орусиялык жаңыланууга кыраакы ой айтуу менен таанылган Збигнев Бжезинский.
Ошону менен бирге Бжезинский мырзанын пикиринче, муздак согуштун кайталанышы болбойт. “Бул болгону америкалык-орусиялык алаканын кыйла курчуп кетишинен улам болуп атат. Бирок канткен менен биз муздак тынчтык алака алкагындабыз, ал эми муздак тынчтык алака Орусиянын ички татаал кырдаалдан улам пайда болуп атат” - деген.
Арадагы талкууга алынган кепте аймактык кагылыштарды чечүү, глобалдуу энергетика кубатын өндүрүүдөгү коопсуздук, соода жана экономикалык маселелер козголгон. Катуу кармашка түшкөн маселе Косово болгон.
Дагы бир пикир келишпөөчүлүк орусиядагы адам укугун коргоодогу абал менен Европа жерине абадан ракета менен кол салуудан коргонуу боюнча америкалык системаларды куруу маселеси болгон.

Кызык жери, орусиялык делегациянын мүчөсү Нарочницкая «силер Европанын борборуна исламдык мамлекет уюштурганы жатасыңар!» - деп америкалыктарга эскерткен. Ага олтурум үстүндө Нью-Йорк штатынын депутаты Элиот Энгел: «Бул жалаа кеп! Албандыктар жеринен граждандык мусулмандар, арасынан өз алдынча согушкандар чыккан эмес» - деген.

XS
SM
MD
LG