Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

РОССИЯДА ШААР БАШЧЫЛАР КӨП КЫЙКЫМГА КАБЫЛУУДА


Былтыртан бери Россияда шаар башчылардын жоон тобуна кылмыш иштери козголуп, айрымдары соттолду, калгандары тергөөдө сурак берип жатышат. Айрым байкоочулар муну коррупцияга каршы жайылтылган өнөктүктүн өтөлгөсү дешсе, бир даары мындан парламенттик жана президенттик шайлоо өнөктүктөрү алдындагы саясий күрөштүн белгилерин көрүшөт.

Былтыр декабрда Томскиде шаар башчысы Александр Макаров камакка алынып, үйүнөн ири суммада акча табылды. Тергөөчүлөр аны паракорлук кылып, сасыган бай болуп алган дешет. Макаров болсо байлыгынын баарын маңдай тери менен тапканын айтып, коюлган айыптарды өзүнө жууткан жок. Азыр ал сот прооцессин күтүп, камакта отурат.

Архангельскинин шаар башчысы Александр Донской да ушундай эле иш менен февралда укук колдонуучу органдардын “укуругуна” илинди. Ал жадесе мектепте окуган баласына да жансакчы жалдап берип, шаардык бюджетти өзү каалагандай өөнөп көнүп алган дешет. Азыр анын иши тергөөдө,бирок камала элек. Донской өзү муну былтыр октябрда эмдиги жылдагы президенттик шайлоого катышарын айткан соң башталды деп түшүндүрөт. Атүгүл ачылган иштердин баары анын президенттик дымагына байланыштуу болуп жатканын ага ачык эле айтышыптыр. Донской азыр деле президент болуу ниетинен баш тарта элек, бирок бийликтер буга жол бербейт деп ишенет.

Москвалык саясий аналитик Марк Урнов бу жерде регионалдык губернаторлорго же федералдык бийликтерге жага бербеген шаар башчыларын алмаштыруу тууралуу кеп кылуу кыйла жүйөөлүү деген ойдо. Губернаторлор менен шаар башчыларынын мамилелери көп жакшы эмес. Биринчилерин тике Москва дайындайт,экинчилерди болсо шаардык кеңештер шайлайт. Шаар башчыларга ачылып жаткан кылмыш иштери негизинен ошолордун ортосундагы айкаштардын натыйжасы болуп саналат.

Ушуга чамаалаш көз карашты Россиядагы регионалдык саясатка адистешкен борбордун директору Дмитрий Орешкин да билдирди. Россияда калктын 73 проценти шаарларда турушат,
экономиканын бүткүл күч-кубаты да шаарларда түзүлөт,б.а.өнөр жайды, жалпы ички дүң продукцияны шаар элитасы контролдойт. Ал эми губернаторлор президент Путин түзгөн бийликтин тутумунда финансылык капиталдын негизги агымынан оолак калышкан, ошондуктан алар шаар башчыларын өздөрүнө көз каранды кылгысы келишет. Орешкин шаар башчыларга коюлган айыптар түккө турабы-жокпу, бу жагын эч ким териштирип отурбайт,
козголгон иштердин баарын коомчулук шаар башчылар жаатына урулган сокку катары кабыл алат, маселе ушунда дейт.

Волгограддын мурдагы шаар башчысы Евгений Ищенко бир жыл түрмөдө отуруп, жакында эле соттолду. Ага коюлган айыптардын көбү далилденбегендиктен сот залында бошотулду. Мунун баарын ал ким бирөөлөрдүн заказы менен жасалган да болушу мүмкүн дейт, бирок алардын ким экенин айта албайт. Баарынан тажап, эми өз алдынча тынч оокат кылууну көздөп жатат.

Эксперттер айтымында, көңүлүнө жакпаган, айтканы менен болбогон шаар башчыларды ушинтип ары-бери убара кылып, абдан тажаганда оюндан өздөрү чыкканга мажбурлоо - кремлчил губернаторлордун, “Бирдиктүү Россия” партиясынын саясий тактикасына айланды. “Единоросстор” эмдиги жылы жаңы парламентте шаар башчыларын өздөрү билип алмаштырганга регионалдык губернаторлорго укук берген мыйзам долбоорун өткөргөнү жатышат.

XS
SM
MD
LG