Пакистан армиясынын өкүлү генерал Вахид Аршаддын ырастоосунда, кечээ ракета соккусунан Түндүк жана Түштүк Вазиристанда 28 чакты жергиликтүү тургун набыт болду. Бул тууралуу Азаттыктын кабарчысы Нажиб Амер маалымдады. Ооганстан менен Пакистандын чегарасында жашырынган согушкерлерге каршы багытталган соккудан ошондой эле пакистандык 4 жоокер мерт кетти. Козголоңчулар кол салуу даярдап жатышкан болушу мүмкүн деп кабарланууда. Эларалык бейпилдик күчтөрүнүн маалымат өкүлү карапайым жашоочулар арасындагы жоготуулар бар экенин моюнга алып, терең өкүнүчүн билдирди. Бир жуманын ичинде эле Ооганстанда аскерий операциялар учурунда 100дөн ашуун бейкүнөө адам ажал тапты. Кечээ президент Хамид Карзай карапайым адамдардын өлүмүнө алып келген операцияларды катуу айыптаган.