25-июнда Орусиялык МЧС Башкармасы маалымдаганга караганда ичи ооруп ооруканага түшкөндөр эсеби 444 кишиге жеткен. Мурунку шейшембиде башталган ал илдет куурулган картөшкө менен менен жумуртка жегенден башталган. Сальмоннелёз жуккан кишилер «Энка» аталыштагы түрк курулуш фирмасында иштеген кишилер экен.
Шереметьево-3 учактык майданы менен IKEA базарынын паркын куруп атышкан кишилерге демейде тамакты «Москва-Сити» борборунун ашканасы бышырып кийин аны машине менен алар иштеп аткан жерлерге жеткирип чыкчу экен.
Кызык жери, РИА Новости жазганга караганда, эмнегедир «жумушчулардын жүздөйү ичи ооруп ооруканага түшкөн. 19-июнь күнү «Москва-Сити» борборунун ашкансы жабылып, имараты бузулуп жок кылынган».
Ооруканага түшкөн жумушчулар арасында Кыргызстандын да атуулдары болгондуктан сурамжылоого ала келгенибизде аларды баш-аягы он ооруканага (Химки, Долгопрудный, Мытищи, Одинцова, Звенигород, Клин, Дмитров, Королев, Солнечногорск жана Сергеев-Пассад) жаткырышканы маалым болду.
Сальмоннелёз жукса кишинин аны менен ооруп атышы беш күндүн ичинде билинет экен, ошол себептүү чет элдик жумушчулар турчу советтик кездеги пионер лагери болгон «Искорка» менен «Морозовка» пансионатына карантин жарыялап, эч кимди киргизбей салган.
Маскөө обулустук губернаторунун маалымат катчысы Андрей Барковский билдиргенине караганда азыркы тушта ичим ооруйт деп доктурга кайрылгандар эсеби миң кишиден ашкан. Ошондой эле түркиялык курулушта иштеген чет элдик жумушчулар Федералдык миграциялык кызматында каттоодон өткөн мыйзам чегиндеги кишилер.
Солнечногорск райондук прокурору Николай Фастовец болсо Орусиянын Кылмыштар кодексинин «санитардык-жугуштуу ооруулук эрежени бузгандыктан көпчүлүктү ооруга чалдыктырып же уулантуу» беренесине таяп кылмыш ишин козгогонун жарыялады.
Анализчилер арасы болсо ушул чуулгандуу окуяга шылтоолоп Түркиялык «Энка» курулуш фирмасынын ишкердигине Орусияда тыюу салынат дешет.