Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Жакынкы Чыгыш боюнча ортомчулук кылган «квартет» өкүлдөрү Иерусалимде жолугушат


Евробиримдик, Орусия жана БУУ менен АКШнын расмий өкүлдөрү бүгүн Иерусалимде Палестин жана Израиль жетекчилери менен жолугушмакчы. Жолугушуу Израиль премьер-министри Эхуд Ольмерт 250 палестиндикти абактан бошотууга убада кылгандан кийин болууда. Ольмерт кечээ Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас башында турган «Фатх» кыймылынын мүчөлөрү абактан бошотулаары тууралуу Египетте Палестин автономиясынын, Египеттин жана Иорданиянын жетекчилери менен болгон жолугушууда айткан.

XS
SM
MD
LG