Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

КОММУНИЗМГЕ КАЙТКЫҢЫЗ КЕЛЕБИ? “ОСТЕЛГЕ” КОШ КЕЛИҢИЗ!


Төрөкул Дооров, Прага Берлинде ачылып жаткан “Остел” деген мейманкана, азыр ал жерде иштеп жаткан толгон-токой мейманканалардан айырмаланып, азырга чейин Герман Демократиялык Республикасынын (ГДРдин) тушунда жашап жаткандай. Мейманканадагы эмеректердин баары коммунисттик доорго таандык, ал эми дубалдарда болсо мурдагы лидерлердин портреттери илинип турат. Анын аталышы деле жөндөн жөн жаралып калбаптыр. Немисчедеги “ост” деген сөз, кыргызчага которгондо, “чыгыш” деген түшүнүктү берет. Ошондуктанбы, айтор, “ностальгия” деген сөздү да “остальгия” деп өзгөртүшкөнү элди кайра ошол 1989-жылга чейинки коммунисттик мезгилге кайра алып барып койгондой туюлтканынан окшойт.

“Остел” мейманканасынын босогосун аттаганда эле сиз, кудум коммунизмдин дооруна түшүп калгандай болосуз.

Адамдарды кабыл алчу жердеги дубалга төрт башка саат илинген. Алар мурдагы “коммунисттик лагерге” караган төрт ири байтактылардын – Москванын, Берлиндин, Гавананын жана Бейжиндин – убактысын көрсөтүп турушат. Чыгыш Европадагы эң берилген коммунисттик лидерлердин бири Эрих Хонекердин портрети чын эле бул бөлмөдө сиздин артыңыздар аңдып турушкандай сезим калтырат экен.

Бөлмөлөр анча деле кымбат эмес окшойт. Жасалгасы, ичиндеги эмеректерине жараша, 12 доллардан 50 долларга чейин турат. Чыгыш Греманиянын жашыруун полициясындагы (“Штази Сюттагы”) абалды сүрөттөгөн бөлмө, мисалы, пионер лагериндегидей жасалган бөлмөдөн кымбатыраак.

Бүгүнкү Берлинде кечээки коммунисттик Германиядан элес берген бул өңдүү мейманкананы түзүү идеясы Гвидо Санд менен Дэниел Хелбигге таандык. Хелбиг мырза биздин радиого билдиргенине караганда, коммунисттик маанайда мейманкана түзүүнү ал былтыртан баштап ойлоно баштаган экен.

- Мындан бир жыл мурда жубайым экөөбүз жатакана издеп, бирөөсүнө кайрылдык да, алардан бөлмө сурадык. Бирок бүт бөлмөлөрү толуп калган экен. Ошондон кийин бизге “өзүбүздүн жатакананы курсак болбойбу?” деген ой келди. Аны өзгөчө кылып жасаш керек деп ойлодук. Экөөбүз тең Чыгыш Германиядан болгонубузгабы, айтор, мейманкананы ошол мезгилдеги дизайн менен кооздошту чечтик, - деди Хелбиг.

Анын айтымында, “Остелде” бүт нерсе өзүнчө эле ажайып. Башкача айтканда, коммунизмге таандык нерселер. Көрпө-төшөгүнөн, кол жуугуч чылапчыны жана ажатканасынан башка бүт эмереги коммунизм учурунда жасалган имиш. Хелбиг менен анын ишкер досу экөө бул нерселерди эски базарлардан, дос-тааныштарынан жана кээде интернеттеги eBay аукционунан сатып алышкан экен.

- Бөлмөлөрдө Герман Демократиялык Республикасы учурундагы эмеректер менен үстөл-лампалары, килем, иши кылып, баары эле нагыз буюмдар, - дейт Хелбиг.

Ал Герман Демократиялык Республикасынын маданиятынын бир бөлүгүн сактап калууну максат кылып, ушул мейманкананы курушканын айтат. “Бирок биз ал режимдин кайтарылышын талап кылбайбыз”, - дейт ал. Анткени ал туштагы коммунисттик режимден өзү да жабыркаган Хелбиг анын кайра орношуна каршы экенин билдирет.

Азыр “Остелге” келип жаткандардын арасында Батыштан, коммунизмде такыр эле жашабаган, адамдар көп келишет экен. Хелбиг мырзанын иши дурус эле жүрүшүп жатат окшойт, жакында мейманкананын жанына ушундай эле стилдеги сегиз бөлмө курганы жатыптыр.

XS
SM
MD
LG