Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

18:58 Аксылыктардын «Агым» гезитине каршы доо арызы Бишкекте сотто карала баштады


«Агым» гезитинин үстүнөн берилген арызды Ленин райондук соту териштире баштады. Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин сотко катышкан өкүлү Кубанычбек Маматкеримовдун айтымында, «Агым» гезити апрель айындагы санында оппозициянын митингисине 1200 аксылык катышып жатат деп жалганды жазуу менен «Он күн убакыт беребиз» аттуу макаласын жарыялаган. Макалага кол койгон беш кишинин Аксы районунда жашабаганы текшерүүдө аныкталган. Райондогу тоолуу үч айыл өкмөт калкынын абийир ар намысын коргоо үчүн алар өкүлдүккө шайлаган 5 киши «Агым» гезитинен 25 миллион сом өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган. (YA)

XS
SM
MD
LG