Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Тажикстан бүгүн улуттук жарашуу келишими түзүлгөнүнүн он жылдыгын белгиленди


Бул окуянын урматына Душанбеде жана башка жерлерде коомчулук өкүлдөрү катышкан иш - чаралар өткөрүлдү. Тажик президенти Эмомали Рахмон жана оппозиция лидери Саид Абдулло Нури 1997-жылдын 27-июнунда Москвада кол койгон келишим өлкөдө беш жылга созулган жарандык согуштун расмий аякташы болгон.Жарандык согуштун учурунда жүз миңден ашуун адам өмүрүнөн айрылып, жарым миллонго жакын киши качкын катары жер которууга мажбур болгон эле. Ага катар өлкөнүн инфраструктурасы талкаланган.

XS
SM
MD
LG