Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Т.ХЕНДРИК: ОРУСИЯ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ӨЛКӨЛӨР МЕНЕН АЛЕКТЕНИШИН КААЛАЙБЫЗ


Төрөкул Дооров, Прага Эстониянын президенти Тоомас Хендрик Ильвес Вашингтондо АКШнын президенти Жорж Буш менен интернет коопсуздугу, Эстония-АКШ ортосундагы визаны жеңилдетүү, Орусия менен алакалар тууралуу сүйлөштү. Алдыда, 1-2-июль күндөрү, АКШнын Мэн штатында орус жана америкалык президенттердин сүйлөшүлөрү болот. Ага карата эстон президентинин ой-пикирлерине “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Хизер Махер кызыгып көргөн. Ал интервьюнун кыскача мазмунун Төрөкул Дооров даярдаган. Кабарчыбыз Махердин алгачкы суроосу мындай болду:

- Алдыдагы саммитте президент Буш менен президент Путин эмне жөнүндө сүйлөшүшү мүмкүн?

- Алар сөзсүз Косово, Иран жөнүндө сүйлөшөт. Анткени бул темалар - өтө эле оорчундуу болуп турат. Дегинкиси, алар кайсыл маселелерге кайрылаарын болжош мен үчүн кыйын.

- Алдыдагы саммитте кандайдыр бир натыйжалуу келишимдерге жетишүүгө болот деп ойлойсузбу?

- Мунун баары негизги сүйлөшүүлөрдүн арты эмне менен бүтөөрүнө жараша болот го. Кээ бир саммиттерде эч кандай деле дурус чечим болбойт, а башка бирөөлөрүндө көптөгөн келишимдерге колдор коюлат. Иши кылып, мен анын эмне менен бүтөөрүн айта албайм.

- Соңку мезгилдерде АКШ менен Орусия ортосунда карама-каршылык сезиле баштады окшойт. Дал ушундай учурда Буш менен Путин жолугушуп жатышы маанилүү деп ойлойсузбу?

- Эстония демократиялык мамлекеттер менен жакшы алакада болгон Орусияга кызыгат демекчимин. Бул - турган эле иш. Биз Орусиянын демократиялык өлкөлөр менен бирге алектенишин каалайбыз.

- Орусиядагы оппозициялык лидер Гарри Каспаров, мисалы, “Буш Путинди өзүнүн атасынын резиденциясына чакырып жатышы, чын-чынында, америкалык президент да Орусияда Путиндин басма сөз эркиндиги жана демократиялык оппозицияга карата саясатына сын айтып жаткандардын катарында эмес экенин түшүндүрөт”,- деди. Сиз буга кошуласызбы?

- Анча деле кошула бербейм. Билесизби, мен мурда “Азаттык” радиосунун аналитиги болчумун. Жолугушууну Вашингтондо эмес, Кеннебункпортто өткөрүү менен сиз “Бул жолугушуудан көп нерселерди күтпөй эле коюш керек” дегенди билдиришиңиз мүмкүн. Муну мен президент эмес, аналитик катары айтып жатам.

- АКШ-Орусия алакалары кичине солгундай түшкөндөй азыркы мезгил КМШ аймагына кандай таасир этиши мүмкүн?

- Жок, андай болгонун көргөн жокмун. Менимче, АКШнын деократиясынын зор күчү Чыгыш Европага аябай жакшы колдоо болуп турат жана муну Вашингтон да жакшы билет. Мунун толкуну соңку жылдары Латвиядан өтүп, кийин Грузияга, анан эми Эстонияга жеткенин көрүп жатабыз. Эми күзүндө ал кимге тийиши мүмкүн? “Толкун” дегеним жөн гана метафора деңизчи, бирок АКШ демократияларды колдоодон четте туруп калды деп айткым келбейт. Кошмо Штаттардын ырааттуу позициясы ондогон жылдардан бери уланып келатат. Андыктан, биз анын республикалык да, демократиялык да администрацияларынын өзүбүздөгү демократияга көрсөткөн колдоосун сезип турдук.

XS
SM
MD
LG