Ушу тапта Кыргызстандын булуң-бурчунда 82 үй-бүлөөлүк медициналык борбор иштеп, анда жети жүз үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу жана миңге жакын акушердик пункттар кызмат кылат. Учурда саламаттыкты сактоо тармагында 70 миң дарыгер иштейт. Алардын көбүн Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-орус Славян университети жана Ош мамлекеттик университети даярдайт. Ошону менен бирге кадрлардын жетишсиздиги эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Жети-Өгүз, Кара-Кулжа, Түп, Чаткал, Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорунда дарыгерлер өзгөчө жетишсиз. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)