Эртең А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтө турган иш-чара медициналык кызматкердин күнүнө арналат. Анда саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрүнө 35 тез жардам машинеси жана 23 жеңил авто унаа берилет. Иш-чара донордук уюмдар тарабынан каржыланган “Манас таалими” Улуттук программасынын алкагында өтөт. Салтанаттуу аземге расмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. (ZMa)