Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

1-ИЮЛЬ - МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ


1-июль - медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Ак халатчандардын эмгеги миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин эмгек маянасы өтө төмөн. Бирок буга карабастан дарыгерлер, мээрман айымдар тандап алган кесибин чын дилинен жакшы көрүп, элге кызмат өтөп келүүдө.

Учурда саламаттык сактоо тармагында 70 миңге жакын медицина кызматкери иштейт. Жогорку билимдүү адистерди республика боюнча 3 жогорку окуу жай: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-орус славян университети жана Ош мамлекеттик университети чыгарат. Бүгүнкү күндө жогорку билимдүү болобу, орто билимдүү болобу, медицина кызматкерлеринин чет жакка кетип жатканы кооптуу жагдайды туудурууда. Алып карасак, быйыл эле Түп районунун үйбүлөөлүк даыргерлер борборунун 14 дарыгери ишин таштап, коңшу Казакстанга кеткен. Бирок айлык-акынын төмөн болгонуна карабастан калктын салматтыгы үчүн кызмат кылып келаткан дарыгерлер да жок эмес. Алмагүл Асакееванын терапевт-дарыгер болуп иштеп жатканына 30 жылдан ашты. Учурда ал “Кыргызское взморье” эс алуу жайынын дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт. Алмагүл Асакеева чыныгы дарегер эч кыйынчылыктарга карабастан элдин саламаттыгы үчүн иштеши керек деп эсептейт:

- Доктур болгондон кийин оорчулук дегенди унутуп, күнү-түнү иштеш керек. Бул кесипти сүйгөн адамга оорчулук деле сезилбейт. Өзүнүн кесибин сүйгөн адам күнү болобу, түнү болобу оорулууларга жардам көрсөтөт да. Биздин мекемеде да республиканын булуң-бурчунан келген адамдарды даарылайбыз. Кадимкидей ооруканадай эле иштейбиз.

Мына ушинтип турмуштун ар кандай оорчулуктарына карабай иштеп, саламаттык сактоо тармагына чоң салымын кошуп келген медицинанын 32 кызматкерине мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров бүгүнкү салтанаттуу жыйында сыйлыктарды жана наамдарды тапшырды. Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгодордун бири, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Шайлообек Ниязовдун айтымында, саламаттык сактоо тармагын реформалоонун негизинде учурда медициналык тейлөө ар бир жаранга жеткиликтүү болуп калды:

- 75 жаштан кийинки, 5 жашка чейинки жана боюнда бар аялдар кошумча акы төлөөдөн бошотулган. Ошондуктан бизде медициналык тейлөө нүн бардыгына акы төлөнөт деп айтуу болбойт. Албетте кымбат баалуу операциялар да бар, бирок негизинен учурда калктын негизги бөлүгүнө дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Маселен мен жетектеп жаткан госпиталда учурда бир да бош орун жок, мен муну медициналык тейлөөнүн жеткиликтүү болгону менен байланыштырам.

Анткен менен калктын жакыр жашаган катмары дагыда болсо сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Быйыл саламаттык сактоо тармагына республикалык бюджеттен 3 миллиарддан ашуун сом бөлүнүп берилген. Каржы министри Акылбек Жапаров жакынкы 2-3 жыл ичинде медицина кызматкеринин эмгек маянасы орточо эсеп менен 100 доллардын тегерегинде болот деп ишендирип кетти:

- 2009-жылга чейин медицина кызматкерлеринин эмгек маянасын орточо эсеп менен 100 доллар, же башкача айтканда 4000 сомго чейин көтөрлү деген пландар бар. Мына буга чейин да булардын айлык-акысын көтөрдүк, албетте ал да жетиштүү эмес, бирок учурда саламаттык сактоо тармагына башка тармактарга караганда мамлекет көбүрөөк көңүл буруп жатат.

Окмөттүн мына ушундай убадалары ишке ашабы, же сөз бойдон кала береби – аны убакыт гана көрсөтөт.

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бүгүн Бишкекте салтанатуу жыйын өттү. Анда “Манас таалими” программасынын алкагында медицина тармагын реформалоого колдоо көрсөтүп келе жаткан донор уюмдардын өкүлдөрү медициналык мекемелерге 35 тез жардам унаасынын ачкычын тапшырышты.

XS
SM
MD
LG