Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

АКШ ЖАНА ОРУС ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БЕЙФОРМАЛ ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын Кеннебанкпорт шаарында америкалык жана орус президенттеринин бейформал жолугушуусу өтүп жатат. 1-июлдагы жыйын учурунда жалпы маселелер талкууланды жана эки мамлекет ортосунда талаш жараткан маселелер 2-июлда кечинде каралууга тийиш.

Акыркы мезгилде АКШ менен Орусия ортосунда бир топ орчундуу талаш-тартыш чыкты. Биринчиден, эки мамлекет Косово маселеси боюнча карама-каршы пикирде. Экинчиден, Чыгыш Европа мамлекеттеринде америкалык антиракеталык системанын бөлүктөрүн орнотууга Маскөө катуу каршы чыгууда. Үчүнчүдөн, Тегерандын өзөктүк курал өндүрүүгө багытталган программаларына Орусия каршы болгону менен, Иран менен өзөктүк тармакта кызматташуусун улантууда жана Вашингтонго ал жакпайт.

Борбор Азия жана башка мурдагы советтик жумурияттарды Маскөө өз таасири алдынан чыгарбай жатат, андан тышкары, Европа мамлекеттерин мунай жана газ менен камсыз кылууда Орусия экономикалык жагдайды саясий максатта колдонууда жана өз өлкөсүндө басма сөз эркиндиги менен демократиялык түзүлүштөрдү чектей баштады деген күнөөлөр Батышта айтылып келет. Орус президенти болсо АКШны - бүткүл дүйнөлүк үстөмдүк орнотууга аракеттенип жатат деп да күнөөлөгөн.

Айрым эксперттердин пикиринде, бул маселелер Кеннебанкпортто талкууланса дагы, алар толук чечилет же эки тараптын туруму бир-бирине кыйла жакындайт деп күтүү аша чапкандык болот. Анткен менен бейформал жолугушуу учурунда эки президент ортосундагы мамилелер кандай болгон учурда дагы курчубаш керек деген пикир үстөмдүк кылууда.

Кеннебанкпорт шаарынын алдында мурдагы америкалык президент Жорж Буштун менчик үйү жайгашкан жана ал жерде азыркы президенттин атасы бир кезде Вацлав Гавел, Михаил Горбачев, Маргарет Тетчер, падыша Хусейн сыяктуу саясатчыларды кабыл алган. Анын уулу, азыркы президент Буш бул жерде мурда чет өлкөлүк эч бир конок күткөн эмес жана Путинди бул жерге чакыруу демилгесин анын атасы көтөргөн.

Президент Владимир Путин жубайы менен АКШга 1-июлда келди жана аны президенттин атасы тосуп алды. Биринчи күнү президент Буш атасы менен жана Путин деңизге чыгып, балык да уулашты. Эки президент ортосундагы биринчи күндөгү жолугушуу учурунда - эл аралык террорчулук менен кылмыштуулук, баңги заттарынын тарашы, Жакынкы Чыгыш менен Ирактагы абал, Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программалары сыяктуу жалпы маселелер каралды.

Сүйлөшүүлөргө Буш, Путин жана Лавровдон тышкары Путиндин жардамчысы Сергей Приходько жана АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен америкалык президенттин коопсуздук мамселелер боюнча кеңешчиси Стивен Хэдли катышууда.

Шаардын сыртында америкалык коомдук уюмдар Ирак согушуна каршы жана президент Бушка импичмент жарялоо талабы менен пикет да өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG