Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

18:02 Элеттик мугалим аны шылдың кылганы үчүн АКИ-Пресс агенттигине материалдык доо койду


Жумгал районундагы Куйручук айылынан келген мугалим Жарбаналиев Абдыкожонун «Азаттыкка» айтканына караганда, анын сүрөтүн АКИ-Пресс агенттиги өзүнүн интернеттеги сайтында «Апенди» деген ат менен чыгып аткан бөлүмүндө туруктуу чыгарып пайдаланып келген. «Мени кайдан, кайсы жерде сүрөткө тартып алганын билбейм. Сайттан сүрөтүмдү көрүп алып күйбөгөн жерим күл болду. Булардын мага жасаган шылдыңына чыдай албадым. АКИ-пресс агенттиги мага жасаган шылдыңы үчүн Граждандык Кодекстин 127-128-статясы боюнча жооп бериши керек»,-деди Жарбаналиев Абдыкожо. Элеттик мугалим жаңылыктар агенттиги андан кечирим сурап, анын шылдыңдагандыгы үчүн акчалай айып тартышы керек деп эсептейт, бирок ал канча материалдык доо коюп жатканын ачык айткан жок. Жарбаналиев Абдыкожо сексен жашта, кырк эки жыл билим берүү тармагында кызмат кылган, «Эл агартуунун отличниги» болгон мугалим экен. Ал эми АКИ-Пресс агенттиги элеттик мугалим арыздана баштаганда анын сүрөтүн «Апенди» рубрикасынан алып салды. (KCh)

XS
SM
MD
LG