Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Орус президенти АКШ президентине альтернативалуу сунуштарды жасады


Владимир Путин Жорж Бушка ракетадан коргонуу системасы боюнча альтернативалуу сунуштарды жасады. Кошмо Штаттардын бул багыттагы пландарына Москва каршы чыгып келүүдө. Путиндин билдиргенине караганда, ал Кенненбункпорт шаарындагы сүйлөшүүлөрдө ракетадан коргонуу системасы боюнча талкууларды кеңейтип, Европа өлкөлөрүн тартуу менен НАТО-Орусия кеңешинин алкагында жүргүзүүнү сунуштады. Путиндин айтымында, радар станциясын Орусиянын түштүгүндө да курууга болот. Өткөн айда Путин АКШга Азербайжандагы радар станциясын биргилешип пайдаланууну сунуш кылган болчу. АКШ президенти Жорж Буш өз кезегинде Путиндин сунуштары стратегиялык багыттагы жаңы кадам экенин белгилеп, али иликтөөнү талап кыларын билдирди. Буштун айтымында ракетадан коргонуу боюнча системага Польша менен Чехия да камтылышы абзел.

XS
SM
MD
LG