Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:34

15:36 Ислам Өнүгүү Банкы кызматташтыкты кеңейткени жатат


Бул тууралуу Банктын президенти Ахмад Мухамед Али Премьер министр Алмаз Атамбаев менен жолугушуу учурунда билдирди. Өкмөт башчынын белгилегенине караганда, Ислам Өнүгүү банкы мүчөлүккө кабыл алынган 1993-жылдан бери 3,561 млн. доллар кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөттү. Банктын колдоосу менен энергетика, транспорт, байланыш, саламаттык сактоо тармагында долбоорлор ишке ашып жатат. Банктын президенти Ахмад Мухамед Али жолугушууда премьерди экономикалык жакшы көрсөткүчтөрү менен куттуктап, кызматташтыктын көлөмүн көбөйтүү оюн билдирди. Бул жолугушуунун чегинде банк менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда 12 миллион долларлык займ боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул каражат 100 миң калкы бар Баткен облусунун алыскы райондорун электр кубаты менен сапаттуу жабдуу үчүн жумшалат. (BuS)

XS
SM
MD
LG