Бул тууралуу президенттин «Кыргыз республикасынын административдик аймактык түзүлүш системасын кайра түзүүнүн концептуалдык мамилеси жөнүндөгү» жардыгына берилген түшүндүрмөдө айтылат. Алгачкы эки жылды камтыган биринчи баскычта милдеттерди топтоштуруу, саясий милдеттерден чарбалык милдеттерди ажыратуу аркылуу облустук башкаруу кыскартылат. 2009-2010-жылдары райондорду, айрым айыл кеңештерин бириктирүү болот, 2010-2011-жылдары милдеттерди кайра бөлүштүрүүнүн негизинде төрт баскычтуу башкаруудан үч баскычка өтүү ишке ашат.Түшүндүрмөгө караганда, мындай мамиле бийликтин ырааттуулугун сактоо, аймактар тарыхый калыптанып калгандыгын, облустук деңгээлдеги миңдеген мамлекеттик кызматкерлердин тагдырын эске алуу максатында жасалууда. (BuS)