Акыйкатта да, 30-мартта жооптуу кызматка дайындалган А.Атамбаевдин аракети кечээки өнөктөштөрүн аткаруу бийлигине тартуу, өзү айткандай, бийлик менен оппозициянын ортосундагы «көпүрө» милдетин өтөш болчу. «Фронтчулардын» күтүлгөн чоң жыйындарынын алдында өкмөт башчынын сунушуна кечээки өнөктөштөрүнүн бир да бирөө кызыкпады.
«Алатоо» аянтындагы жыйындар күч менен таркатылгандан кийин деле оппозиция арасынан министрлик орунга кызыккан бирөө чыкпады. Ошол себептүү өкмөт башчынын экономикалык маселелерди тейлеген биринчи орунбасарлык орду эмдигиче бош.
Божомолчулар бош орунду азыркы бийлик каршылаштарынын баарына бирден «ыроолоп» көрүштү окшойт. Жыйынтыгы белгилүү, бирин-экин өзгөрүүлөрү болбосо Ф.Кулов менен А.Исабеков тушундагы министрлер кабинети мурдагысындай эле иштеп жатыры. Эмнеликтен оппозиция өкмөткө келүүгө куштар эместигинин жөн-жайын Өмүрбек Текебаев конституциялык реформага, бийликтин дагыле бир колдо калышына байланыштуу түшүндүрөт.
- Бул саясат өзгөрбөйт, анткени анын кутумчулары, тутумчулары андан бийик турат. Эмне, Ф.Кулов кеткенден кийин бир нерсе өзгөрдүбү? Мамлекет башчысы өз саясатын өзгөртүшү керек.
Ушул эле ойду парламент мүчөсү Кубатбек Байболов да ырастайт. Анын пикиринде, өкмөттү ким түзүп, кантип кызматтан кетирүүнүн жол-жобосун так аныктап алмайын конституциялык реформа жайында сөз козгоонун кажаты деле жок.
- Кайсы гана Конституцияда болбосун, кайсы гана өлкөдө болбосун, эң негизги маселеси бирөө эле. Өкмөттү ким түзөт, анан өкмөттү ким кызматтан кетирет? Андан башкасы 2-3-катардагы эле маселелер.
Башмыйзам канча ирет жаңыланбасын ал азыркы бийлик институттарынын ыйгарым мөөнөттөрү аягына чыкканга чейин ишке кирбейт. Өткөн жылкы апыл-тапыл кабыл алынган эки Конституциядан айырмаланып, бул ирет жаңылануу мыйзамдык жөрөлгөлөрдү так сактоо менен жүрүүдө.
Бийлик менен оппозициянын мунасасынан чыккан жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан кийин А.Атамбаевдин өкмөтү 2010-жылга чейин калабы же буга чейин боло келгендей дагы коалициялык өкмөт түзүү идеясы козголуп чыгабы – бул да белгисиз.
Азыркы өкмөттүн башоорусу жыл башында дурус дегидей башталган экономикалык өсүш көрсөткүчтөрүн төмөндөтпөй сактап калуу, энергетика, тоокен тармагындагы чалкеш маселелердин чиешин бир четтен чечүү. Кыйла ары-сүр менен каникулга тарашка аз калганда парламент Токтогул катарындагы электр станцияларынын өзгөчө укугунан «Камбарата» ГЭСтеринин курулушун ажыраткан мыйзамды кабыл алып берди. 2 миллиард ашуун доллар акчага курулчу эки электр станциясынын айланасындагы талаш узакка созулчудай.
Энергетика талашы парламент ичинде буркан-шаркан түшүп турган чакта өкмөт башчы каражанынын кайгайы менен Түркияда болду. 11-майда А.Атамбаевди ким же кимдер ууландырганы, бул иштин артында кимдер турганы ушу тапта иликтенүүдө. Премьер-министр табышмактуу окуядан соң кызматтан кетпей тургандыгын билдирди.
Экономикалык өнүгүү ырааты быйыл 8% жете тургандыгын А.Атамбаев мындан бир ай мурун эле жарыя кылган.
- Бул жерде өтөле дымактуу милдет койгон жоксуңарбы, деген суроо болуп жатпайбы. Мен минтип айтар элем. Эгерде өкмөт таза иштесе, мынабу конституциялык реформа убагында өтсө, мындан да жакшы натыйжалар болот.
«Камбарата – 1 - 2» ГЭСтеринин аягына чыга элек курулуштарынын айланасындагы талашка азырынча чекит коюла элек. Кыргызстан байлыгын чет эл инвесторлоруна сатып ийди ураанын көтөрүп коомчулукту козголтуп, жаңы долбоорго кадим ХИПК программасынын кейпин кийдирүү аракети токтоло элек. Тышкы карыз жүгүн жеңилдетүү программасынан баш тартуунун эсесине быйылтан тарта Кыргызстан жыл сайын бюджетинен 3,5 миллиард сом бөлүп турушка мажбур.
- Албетте, биздин эл - намыстуу эл. Баары бирооздон ХИПКке каршы чыгышканы менин эсимде. Бирок мен ошол учурда ХИПКти колдойт элем,- дейт Алмазбек Атамбаев.
Канттагы цемент заводунун айлнасындагы бүдөмүк иштер, керектүү курулуш материалынын баасынын асманга чыгышы мурдагы өкмөттүн колу менен арабөк калтырылган Кызылкыядагы цемент заводунун курулушун улантууну талап кылууда. Азырынча өкмөт «Андаш» кенинин маселесин чече элек. Андан да оор маселе «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөн четтетилген Улуубританиялык компания менен эларалык арбитраждык сотто каралчу доо-арыз болгону турат.
Өкмөт менен канадалык компаниянын «Кумтөр» алтын кени боюнча келишимди кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. А.Атамбаевдин аракети менен «Кристалл» заводу мамлекетке кайтарылып, эми иштегени туру.
Бүгүн А.Атамбаевдин өкмөт башчылык орунга отурганына 100 күн толот. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы мунаса «көпүрө» канчага чыдары белгисиз…