Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

12:03 Базаркоргон менен Ноокенде көпчүлүк калк өлүм жазасын алып салууну колдойт


Жалалабат облусунун Базаркоргон, Ноокен райондорунда өлүм жазасын алып салууга жана сотторду реформалоону талкуулаган жыйындар өттү. Эки райондун он бир айыл өкмөтүндөгү талкууга катышкандардын 20 пайызы өлүм жазасын алып салууга коомчулуктун али даяр эместигин, аны абак менен алмаштыруу кылмыштуулуктун өсүшүнө шарт түзөөрүн белгилешти. Мыйзамдардын гумандуулугунан айыптуу кишилер пайдаланып, жоопкерчиликти сезбей калышаарын айтышты. Жыйындарга келгендердин 80 пайызы өлүм жазасын алып салуу демократиялык өлкөгө ылайык деп белгилешип, түрмө мөөнөтүн 25 жылдан ашырбоону, анын ар бир беш жылында эң жогорку жазага кесилгендердин кылмыш иштерин кайра карап чыгуу керек деген пикирге келишти. Мындай маалыматты коңшу райондордо талкуу жана изилдөө өткөргөн Базаркоргондогу адам укугун коргоочу «Аба» уюмунун жетекчиси Азимжан Аскаров билдирди. Анын айтымында жыйындагылар соттук териштирүүгө эл арачылар катышканда гана сот адилеттиги орноорун белгилешкен.(YA)

XS
SM
MD
LG