Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШУУ УЮМУНУН ЖЫЙЫНЫ КИЕВДЕ ӨТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 5-июлда Киев шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги сессиясы башталды. Төрт күнгө улана турган жыйында каралган маселелердин арасында - Абхазия, Тоолуу Карабак, Түштүк Осетия жана Днестр жумурияттары менен байланышкан проблемалар дагы бар.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна 56 мамлекет мүчө болуп кирет, анын Парламенттик ассамблеясы 1991-жылы түзүлгөн жана Ассамблеянын Киев шаарында өтүп жакан 16-сессиясына 56 өлкөнүн элүү экисинен келген үч жүзгө жакын өкүл катышууда. Албания, Кыргызстан, Молдова жана Черногория сессияга өз өкүлдөрүн ар башка себептерден жиберген жок. Жыйында карала турган маселелердин арасында - өз эгемендүүлүгүн жарыялап, бирок эч ким тарабынан таанылбай жаткан жумурияттардын тоңуп, чечилбей жаткан маселелери да бар.

Сессиянын ачылышында Украина президенти Виктор Ющенко чыгып сүйлөп, 30-сентябрда өлкөдө өтө турган кезексиз парламенттик шайлоого европалык байкоочуларды расмий түрдө чакырды. Андан тышкары Ющенко - советтик мезгилден мурас катары калып, эмгиче чечилбей келген Абхазия, Тоолуу Карабак, Түштүк Осетия жана Днестр боюндагы жумурияттар менен байланышкан маселелерди чечүүгө Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму өз салымын кошууга тийиш деп билдирди:

"Балкан жарым аралынан Кавказга чейин көптөгөн ушундай маселе бар, ошондуктан Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму бул проблема боюнча талкуу өткөрүүнү пландаганы үчүн мен кубанычтамын. Өзгөчө Украинанын чек арасындагы өзүн өзү жарыялаган Днестр жумурияты менен байланышкан маселени чечүүгө европалык уюм катышууну каалаганы жакшы. Мындан бир жыл мурда бул маселе боюнча Украина өз планын тартуулаган жана аны Молдова парламенти дагы, Днестр тарап дагы колдогон", - деп билдирди Ющенко.

Жыйында чыгып сүйлөгөн Парламенттик ассамблеянын төрагасы, швециялык дипломат Йоран Леннмаркердин айтымында, бул маселелерди чечүү кийинкиге калтырылбастан, аларды жакын арада жөнгө салуу багытында чечкиндүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Анын билдиргенине караганда, Тоолуу Карабак боюнча акыркы мезгилде олуттуу жылыштар пайда болду, бул маселе боюнча атайын түзүлгөн Минск тобу жаңы келишим даярдады жана Армения менен Азербайжандын жетекчилери ага жакын арада кол коеру күтүлүүдө.

Азербайжандын президенттик администрациясынын өкүлү Новруз Мамедовдун айтымында, андай жаңы келишим - Азербайжандын сунуштарына негизделип түзүлгөн жана европалык уюм - Азербайжандын аймагын басып алган армениялык аскерлердин өлкөдөн чыгарылышын талап кылууда.

Түштүк Осетия маселеси боюнча жыйында Грузия парламентинин спикери Нино Буржанадзе дагы чыгып сүйлөдү жана ага жооп катары сөз алган Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна учурда төрагалык кылган Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Анхел Моратинос - Түштүк Осетияга жакын арада уюмдун атайын өкүлү жибериле турганын билдирди.

Анткен менен өздөрүн өзү жарыялаган ал жумурияттар жана аларды колдогон Маскөө маселени - Косоводогу абал менен байланыштырууда. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши жакын арада - Косового чектелүү эгемендүүлүк берүү маселеси боюнча атайын даярдалган резолюцияны колго салат. Маскөөнүн айтымында, эгер Косово эгемендүүлүк алса, Абхазия, Түштүк Осетия, Карабак жана Днестр жумурияттарына дагы ошондой макам берүү маселесин көтөрсө болот.

XS
SM
MD
LG