Ош облусундагы жана Ош шаарындагы жумушчу сапары учурунда Президент Курманбек Бакиев соңку эки жыл ичинде республика бюджети 2 эсе чоңойгондугун, ал эми экономикалык өсүш 9,1 пайызды түзгөндүгүн баса белгилеп жүрдү. Актив менен жолугушканда Кыргызстанда дагы ири экономикалык потенциал бар экендигин, ошолорду өздөштүрүүгө жетишүү зарылдыгы тургандыгын кошумчалады. Маселен, өз көзү менен көрүп келген Аравандагы цемент заводунун курулушу бүтсө эле - жок дегенде Кыргызстандын түштүк облустарынын кыйла муктаждыгы чечилерин белгиледи. Биз Президент Курманбек Бакиев ушул заводдун курулушуна барганда кандай маселелерде жардам бермекчи болгондугуна кызыгып Араван районунун акими Шамил Артыков менен байланыштык:
- Ал заводду Кыргыз-Кытай биргелешкен ишканасы курууда. Жылдын аягында ишке берилет. Суткесине 700 тоннага жакын цемент чыгарат. Бир проблема бар эле – кытайлык жогорку билимдүү адистер визасын узарта албай атышкан. Президент маселени сөзсүз чечип берүүнү тапшырды тиешелүү жетекчилерге,- деди Шамил Артыков.
Ошондой эле аравандыктар Президент Бакиевден айрым олуттуу маселелерди, маселен, жазгы талаа иштери үчүн күйүүчү майларды баягыдай апрель-майда эмес, те кышында эле берүүсүн суранышкан.
Президент Курманбек Бакиев Ноокатты кыдыруу учурунда жергиликтүү элдин демилгеси, ынтымакчылыгы менен ашар ыкмасында курулуп жаткан Ноокат-Көкбел-Папан автожолунда да болгон жана элдик демилгени мамлекет сөзсүз колдойт деп – аларга жетиштүү техникаларды жиберүүгө убада кылган. Эл тарабынан президенттин колунан келбес сунуштар да айтылды. Маселен, Алай районунун тургуну Боронов бир катар депутаттарга нааразы экендигин, жаңы Конституция кабыл алаарда депутаттардын кол тибестигин алдырып таштоону өтүнгөн.
Президент Бакиевдин Ош облусунун жана Ош шаарынын активи менен жолугушуусунда айрыкча кызыгууну жаратып талкууланган олуттуу маселе катары “Ош шамы” гезитинин башкы редактору Талантбек Моңолбаев чегара маселесин эсептейт. Бирок ал аны менен катар диний экстремизм маселеси дагы курч талкууга алынышы керек эле, анткени бүгүнкү күндө Ош шаары менен Ош облусунун аймагына Өзбекстандан качкандардын баарысы толуп кеткен деген ойдо.
Талантбек Моңолбаевдин пикиринде, президент менен карапайым элдин, айрыкча оштук тургундардын жан күйүп сүйлөшө турган көйгөйү унутулуп калды:
- Чындыгында эле айрыкча Ош облусунан иш издеп, тирлик кылайын деп сыртка – чет өлкөлөргө кеткендер өтө көп. Дээрлик жаштар. Басымдуусу жогорку билимдүүлөр. Кантип ошолорду кайрып келүү маселеси, ага байланыштуу мамлекеттик программа кабыл алуу жагы президенттин катышуусунда орой көз чарай сөз болсо жакшы болмок.
Курманбек Бакиевдин Ошко жасаган бул жумушчу сапарындагы эң кубанычтуу окуя катары - 1-класста окуган Дастан Пратовдун республикалык олимпиададагы жеңиши үчүн анын үйбүлөсүнө бир бөлмө үй берилгендигин айтышууда. Ал эми ыңгайсыз жагы катары – президент Ошко келердин алдында Жантөрө Сатыбалдиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындаган 2005-жылдын май айындагы жарлыгын жокко чыгаргандыгын эсептешет. Жантөрө Сатыбалдыев азыр облус губернатору сыпатында гана иштөөдө. Курманбек Бакиев облус губернаторлорунун милдет-даражасы бийиктеп жаткандыктан ушул кадамга баргандыгын жолугушууда жарыя кылды.