Аталган жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери катышат. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кеңешмеде Бишкекте 16- август айында өтүүчү ШКУ саммитинин күн тартиби жана уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кол коюлчу документтери аныкталат. (MSu)