Анын ичинде аялдар менен балдар бар. Буга чейин жүк ташуучу машинага коюлган бомбанын жарылуусунан 100 киши набыт боду деп маалымдалган эле. Жардыруудан 50 чакты чакан дүкөн жана 50 турак жай талкаланды. Багдаддын шийлер байырлаган Каррада чөлкөмүндө да унаага коюлган бомба жарылып, полициянын маалыматына ылайык, 6 киши мерт болду. Ал аралыкта АКШнын расмий адамдары Багдаддагы америкалык элчиликте иштеген ирактык түгөйдүн денелери табылганын кабарлашты. Аларды өлтүрүү үчүн жоопкерчиликти Ал-Кайиданын жетекчилигиндеги согушкер топ өзүнө алган.
Ирактын түндүгүндөгү Туз Хурмато шаарчасындагы базарда орун алган жардыруу бери дегенде 130 адамдын өмүрүн алып кетти