Курамында 12 кишиден турган делегация Кытайдын Кашкар шаарында өткөн эл аралык жеңил өнөр-жай боюнча жарманкеге катышып келишти. Кытай тарап Жумгалдагы Каракече көмүр кенин иштетүүгө ачык кызыкдар болушкан. Кызылсуу менен Кашкардын ортосунда темир заводу курулууда. Ал жылдын аягында иштетүүгө берилет экен. Буга чейин кытайлыктар Жетимтоодогу темир кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми Нарындан барган делегация айыл чарба багытындагы техникаларга кызыгышып эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындай маалымат Нарын облусунун губернаторунун өкүлү Салтанат Эсенамановадан 9-июлда алынды.(JI)